Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

ТАЖИКСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДА БААЛАР ЭМНЕДЕН ӨСТҮ?


Тажикстан менен Өзбекстанда азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп кетти. Баалар эмне себептен өсүп жатканы бүдөмүк, бирок Орусияда баалардын төмөндөй башташы балким бул эки өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүгө оң таасир тийгизиши мүмкүн.

Тажикстанда бир ай иштеп тапкан айлыгына 15 килден ашык ун ала албаган учурлар кездешүүдө. Ал эми Дүйшөмбү калаасынын бул тургуну "Азаттыктын" тажик кызматына төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Менин пенсиям 20 сомони, ал эми бир мүшөк ун 72 сомони турат. Менин колумду 16 киши карайт. Эмне кылышым керек, билбейм. Бардык бааларды өстүрсө да, нандыкын тим коюшса болмок. Эт жебесек болот, бирок нансыз кантип күн көрөбүз?

Тажикстанда орточо айлык 90-100 сомони же 30 доллар.

Бул жумуриятта азык-түлүктүн эмнеден кымбаттаганы анчейин түшүнүксүз. Улуттук Банктын төрагасы Муродали Алимардонов баалардын өсүшүн мындайча түшүндүрүүгө аракеттенди:

Импорттолгон товарлардын, негизинен дандын кымбатташы менен катар, экспорттук товарларга дүйнөлүк баанын төмөндөшү структуралык реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылып жатышы, айрыкча айыл чарба жана жер реформасы менен байланышкан.

Экономика жана өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Расулжон Гафури да ушундай эле түшүндүрмө берип, бирок бааларды көзөмөлдөөгө өкмөт көбүрөөк көңүл бурса деген каалоосун билдирди:

Бул базар баалары. Бирок аларды жөнгө салуунун механизми болуш керек. Өкмөт ошол механизмдерди колдонсо.

Тажикстандын коңшусу Өзбекстанда да баалар өсүп кетти. Салтка айланган ыкма менен, өзбек өкмөтү жакында айлыктарды көтөрүп, андан көп өтпөй күндөлүк керектелүүчү товарлардын баасын кымбаттатты. Ушуга байланыштуу өзүн Рисолат деп тааныштырган Сыр-дайра дубанынын бул тургуну Азаттыктын өзбек кызматына мындай деди:

- Айлыкты деле көтөрбөй, бааларды деле өстүрбөй коюшса жакшы болот эле. Жакында айлыгымды болгону 4-5 миң сомго көтөрүштү, бирок кечээ баалар асмандап кетти.

Ал эми жизактык Зиядуллонун айтымында, бүгүн суу майдын бир литри 2200 сом, бир килограм эт 4 жарым миң сом, ал эми бир мүшөк ун 18-19 миң сом турат.

Башка борбор азиялык мамлекеттерде кеңири керектелүүчү азык-түлүккө баалардын мынчалык кескин өскөндүгү байкалган жок. Казакстанда ал тургай дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү быйыл керектөөдөн эки эсе ашык, же 17-18 миллион тонна болоору кабарланды. Ушундан улам Тажикстан менен Өзбекстанда баалардын өсүшү алып-сатарлардын астыртан жүргүзгөн баа оюндарынын кесепетиби деген божомолдор пайда болууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG