Окуя кечээ АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына аталган уюмдун онго жакын кишиси пикет өткөрүп жаткан жерде болду. Укук коргоочу Турсун Ислам жетектеген «Демократ» укук коргоо уюмунун өкүлдөрү «Манастагы» Антитеррордук аба-аскерий күчтөрүн колдоо иретинде элчиликтин алдына чыгышкан. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын бүгүн тараткан маалыматына караганда, пикетчилер тарабай койгондо милициянын тилин укпай, тентектик кылды деп, бир пикетчини кармап кетишкен. Учурда анын иши сотко өткөрүлгөндүгү маалымалууда. (BuS)