Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

БЫШЫКЧЫЛЫК МЕЗГИЛДЕ НАН КЫМБАТТАДЫ


Июль айынан тарта Кыргызстандын базарларында ун, дан жана нандын баасы кымбаттады. Керектөөчүлөр нандын баасы 1 сомго, ундун 1 кг 3-5 сомго, ал эми буудай данынын баасы 2-4 сомго кымбаттаганын байкашты. Ошондой эле ушул тапта Кыргызстанда эгин оруп-жыюу иши 70-80% аяктады. Ушундай бышыкчылык учурунда ундун баасы көтөрүлүп жаткандыгын адистер дүйнөлүк базарда азык-түлүк данынын көтөрүлүп жатканы менен байланыштырышууда. Дүйнөлүк базарда азыр азык-түлүк данынын бир тоннасы 350 долларга чыкты. Бул өткөн жылга караганда 30-40 пайызга кымбат. Мындан тышкары Кыргызстандын базарларын жана тегирмендерин дан менен камсыз кылып келген Казакстандын өзүндө да буудай тартыш болуп жаткандыгы да айтылууда. Ошондой эле баанын өсүшүнө быйылкы жылы Орусияда, Украинада жаңы түшүмдү алуу убагына чейинки запас буудай жетпей калгандыгы да себеп болгон.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан өзү бир жылда 1 млн 200 миң тонна дан керектейт. Күнүмдүк жашоону нансыз элестете албаган карапайым калк дан, ун жана нандын баасынын көтөрүлгөнүнө нааразы болууда. Биздин кээ бир маектештерибиз ансыз да жарды жашап жаткан элге бул чоң сокку болорун айтышты. Өзүн Баян деп тааныштырган сатуучу ун быйыл ашыкча кымбаттаганын айтты:

-Жылда эле ушул мезгилде көтөрүлчү. Быйыл аябай кымбаттап кетти. Он беш сомдон саткан ун жыйырма сомго чыкты. “Акун” фирмасынын 1-сорттогу унун 13 сомдон сатчубуз, азыр 16 сом болду. 1 кап ун 750 сомго чыкты, жогорку сорттогу 1 кап ун мурда 650 сом болчу, азыр 900 сом.

Ундун кымбатташы менен андан жасалган азык-түлүктөр: нан, макарон жана башка азыктардын да баасы көтөрүлдү. Беш баланын энеси Гүлзат ундун кымбаттаганы үй-бүлөлүк бюджетке аябай эле оорчулук алып келип жатат дейт:

-Бизге окшогон көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн ундун, нандын кымбаттаганы бир топ кыйынчылыкты пайда кылат. Анткени балдар нанды көп жешет. Макарон көп керектелет.

Жалалабатта жыйналган дан облустун элин 70% гана камсыздайт

Жалалабат облусунун дыйкандары быйыл 59533 гектар аянтка дан эгиндерин, 36327 гектарга буудай өстүрүштү.Учурда дан-эгиндерин оруп-жыйноо кызуу жүрүп жатат.Чаап-жыйноо иштерине 167 комбайн тартылган.Облустун Ноокен, Базаркоргон, Сузак, Алабука райондорунда эгин жыйноо иштери ортолоп калса, тоолуу Токтогул, Тогузторо, Чаткал райондорунда түшүм быша электигинен дан оруу өнөктүгү баштала элек.Облустун калкынын жылдык азыгына 115 миң тонна буудай жана ун азыктары керектелет.Алдын ала берилген маалыматтарда буудайдын быйылкы түшүмү 31 центнерден айланып, 60 миң тоннага жакын дан жыйналды.

Облустук бийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Жаныбек Осмоналиевдин ишендирүүсүндө эл керектөөсүнө жетишсиз болгон дан азыктары Талас, Чүй өрөөндөрүнөн ишкерлер аркылуу алынып келинет:

-17 395 гектар жер орулуп бүттү. 115 миң тонна эгин жыйналды. Бул облустун калкын 70% камсыздайт. Калган бөксөнү ишкерлер Чүйдөн, Казакстандан сатып келишкен дан жана ун менен толтурабыз деген үмүттөбүз.

Жумуштун жоктугунан көптөгөн адамдар буудай, ун сатуу менен жан багууда. Алты жылдан бери буудай саткан Мариям Аттокурованын баамында быйыл Жалалабат базарына дан аз түшүүдө. Буудай баасы былтыр 4,5-5 сом болсо, быйыл 2 сомго чейин көтөрүлдү. Буудай баасынын кымбатташын ал дандын аз эгилип, түшүмү анча болбогондугунан жана элдин нанга болгон муктаждыгынан улам кардарлардын буудайды көп сатып алып жаткандыгынан көрөт:

-Быйылкы буудай аз, кымбат, 6 сом 50 болуп атат. Былтыр 4-5 сом болчу, быйыл минтип 6 сом 50 тыйын 7 сом болуп атат. Элдин көбү буудай айдоодон баш тартып атышпайбы.

Сузак районундагы Багыш өрөөнүндө өсүмдүктөрдүн заянкечтеринин күч алышы менен үрөндүн сапатсыздыгынан улам буудайдын түшүмү 20 центнерден ашкан жок. Айыл тургуну Тагайбек Жаркынбаев бир гектар 28 сотых үлүш жерине буудай сепкен, бирок мээнети акталган эмес:

-Жалаң чырмоок басып кетти, чегиртке көп. Тушүм быйыл болбой калды. Араң эле 20 центнерден алдык. Минтип отурса, быйыл акыбал оор болот.

Базарда Жалалабаттын тегирменинен чыгарылган ун 650-680 сомдон сатылууда.Бишкектен келген ун андан кымбат.Килограммы 14 – 15-17 сомдон бааланууда.Казакстандан келген ундун килограммы 19 сом 80 тыйын деп турат. Баанын кымбатташы менен ун саткан Гүлнара кардарлар аз болуп, мээнеттери анча акталбай жатканын айтты:

-Ун базарга чыкпай атат. Көбүнчө Өзбекстанга кетип атат. Ошол жакка көп сатылгандыктан улам да ундун баасы кымбат болуп атат.

Чыныбай Турсунбеков: “Үмүтүбүз күзгө калды”

“Акун” фирмасы Кыргызстанда ун өндүрүп, саткан эң ири ишканалардын бири. Азык-түлүк данынын баасынын кымбаттоо себеби, баа дагы өсүүсү мүмкүнбү деген сыяктуу суроолор менен биз аталган фирманын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго кайрылдык:

-Чыныбай мырза, ун менен дандын кымбатташы карапайым калктын тынчсыздануусун пайда кылууда. Ун өндүргөн ишкер катары айтсаңыз: баа эмнеден улам көтөрүлүп жатат?

-Буудай менен ундун кымбаттаганы биринчи кезекте Кыргызстандын буудайы элди толук камсыз кыла албай тургандыгын көрсөттү. Мындан тышкары айрым дыйкандар оруп-жыйнап алган буудайын дагы кымбаттайт деген үмүт менен сатпай, сактап отурушат. Бул дагы баанын кымбатташына өбөлгө болууда.

Эң негизгиси — Казакстандын өзүндө да эски буудайдын запасы калбай калгандыктан алардын да ун тегирмендери токтоп калды. Ушундан улам алар да бааны көтөрүп жиберишти. Казакстандын буудайы менен уну биздин базарды да камсыз кылып, бааны кармап турчу. Ошондуктан, ал жакта түзүлгөн абал түздөн-түз бизге да өз таасирин тийгизди. Бирок биз билебиз: августтун аягында Казакстандын түндүгүндө негизги буудай өндүрүлө турган аймагында буудай чабыла баштайт. Ошол мезгилде баалар билине баштайт да, сентябрь айында төрт-беш айлык баанын туруктуулугу билинет. Мындан тышкары биздин дыйкандардын кампаларына катылган эгиндер чыга баштайт, Ысыккөлдө буудай орулат. Чүйдө аяктайт. Булар дагы баанын төмөндөөсүнө өз таасирин тийгизет деп үмүттөнөбүз. Бирок эң башкысы – быйылкы жылы буудай аз айдалып, андан түшүм да аз алынганы ачыкка чыгып калды.

-Казакстандан башка дагы кайсы мамлекеттерден буудай, ун импорттоого болот?

-Акыркы үч-төрт жылдан бери Өзбекстан да буудайын экспортко чыгарып жүрөт. Бирок сапаты начарыраак болгону үчүн суроо-талап болбой келген. Өзбекстандык дыйкандар мага буга чейин деле кайрылып келишкен. Өткөн жылы мага тоннасын 130 доллардан сунуш кылышкан, бирок ошол учурда Казакстандан да ошондой эле баага дан чыгып, биз баш тартканбыз. Быйылкы жылы да Өзбекстандан сунуш түштү. Тоннасын 170 долларга баалап жатышат. Бирок алардын сапаты 23 клейковина же башкача айтканда сапаты начарыраак. Мындай сапаттагы Казакстандын даны деле ушул баада турат. Эгерде суроо-талап өсө берсе, Өзбекстандан алууга туура келет. Орусияда жана Украина кургакчылык болуп, эгин болбой калгандыктан, булар өздөрү Казакстандан сатып алып жатышат. Алардан тышкары Иран, Азербайжан дагы Казакстандан алышат.

Баа негизинен дүйнөлүк ун базарында кымбаттаган. Өткөн жылдан баштап, бир жылда 30-40 пайызга чейин өскөн. Ошол өсүш бизге да келип жетти.

-Сиздердин божомолдор боюнча баа дагы канчага көтөрүлүүсү мүмкүн?

-Эгерде Казакстанда түшүмдүүлүк жакшы болсо, биздин дыйкандар да сактап отурушкан буудайларын бүгүнкү сатылып жаткан баа менен 7-8 сомдун тегерегинде сатса, анда жогору көтөрүлүп кеткен баа бир аз түшөт. Ал эми жаңы, арзан алынган буудай менен иштеп жаткандар ишканалардын уну менен баа калыбына келгенден кийин, ундун баасы 13 сомдун айланасында болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG