Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

16:30 Элчи Умурзак Өзүбеков пансионатка макулдук берилбей жатышын депутаттардын ар кыл көз караштары менен байланыштырат

Мындай пикирин Казакстандын Кыргызстандагы элчиси «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Казакстандыктар иштетип келаткан Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт эс алуучу жайга байланышкан макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялай элек. 2003-жылы 25-декабрда союздук мамилелелер жөнүндөгү Астана макулдашуусунда «Самал», «Алматы», «Автомобилист», «Казакстан» пансионаттарын Казакстандын карамагына берүү каралып, президент Бакиев баштаган жаңы бийликтин 2006-жылкы расмий сапарындагы макулдашууда бул бекемделген. Ошол кездеги расмий билдирүүлөрдө аталган пансионаттарга беш жыл аралыгында төрт жылдыздуу отелдер курулуп, бирок, 49 жылга ижарага берилген жер аянттары Казакстандын менчигине өтпөйт деп айтылган. Бул макулдашуу парламенттерде ратификациялангандан кийин ишке кириш керек. Бирок, парламентте кыйла депутаттарда көл жээгиндеги жер аянттары кошуна мамлекеттин менчигине өтөт деген чочулоо кала берүүдө. (BuS)
XS
SM
MD
LG