Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

ЖУМА АБДУЛЛАЕВ: ОРУС ЭЛЧИСИНИН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН АКЧАСЫНА КӨЗ КЫЗАРТКАНЫ ТУУРА ЭМЕС


Өткөн жумада Кыргызстанда “Замандаш” ассоциациясынын конференциясы өткөндөн кийин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов сенсациялык билдирүү жасады. Анын айтымында Кыргызстанга чет мамлекеттерден түшүп жаткан жана өлкөдөн чыгып жаткан акчага салык киргизиш керек. «Азаттык» үналгысы менен түз байланышта “Замандаш” ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаев ушул билдирүү боюнча ой-пикир бөлүштү.

- Орусиялык элчинин сунушун жеке сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Биринчиден, мындай сунуш элчинин кылар иши эмес. Буга кандайдыр баа бергим келген жок. Менин айтайын дегеним, конференцияда 850 млн. доллар жылына келип атат деген цифралар айтылды эле. Ошону элчинин орунбасары уккан болчу. Аны угуп алып чычалап кеттиби деп ойлоп атабыз. Мен бул жөнүндө бүгүн 5-каналда “Майдан” берүүсүнө чакыралы деп атам элчини. 85 миллионду Орусия эч качан ала албайт. Анткени, дароо которуулардын төлөмү 60-70 пайызга чейин азайып кетет, кайра мурунку каналга түшөт акчалар. Экинчиден, ачууну келтирген жери, бул акчалардын салыгы дагы, парасы дагы, штрафы дагы төлөнгөн. Мигранттар тапкан 30 пайыз акчасын гана бул жакка жиберип атат.

- Жума мырза, бул элчи кайсы салык жөнүндө сүйлөп атат, Орусиянын өзүндө кармап калыш керек деп атабы, же Кыргызстанга кирип атканда Кыргызстан кармаш керек деп атабы?

- Орусиядан чыгып атканда деп мен түшүндүм. Айырмасы жок, Орусиядан чыгып аткандабы, Кыргызстанга кирип атканда кармалабы, бул акчаларга салык салуу деген бул абсурд.

- Анткени, мигранттар Орусиянын өзүндө да иштеп атканда салык төлөшөт да?

- Ооба, салык да төлөнөт. Бул жерде дагы мындай шарттар бар. Бул акчанын 50-60 пайызы айлануудагы акча, товарга келген акча. Ал акчага Бишкектен товар алынат, Бишкектеги өндүрүлгөн продукциялар кийим-кече, Кытайдан, Түркия, Кореядан келген кийим-кечектер алынат. Ал товарлар кайра Орусияга алып барылат, кирип атканда анын бажысы төлөнөт, башкасы төлөнөт демекчи. Бул акчалардын салыктары түз жана кыйыр төлөнүп жүрөт. Антип көз кызарткан туура эмес менин оюмча.

- Жума мырза, элчи билдирүү жасагандан кийин Кыргызстандын укук коргоочулары тарабынан эч кандай деле билдирүү болгон жок. Буга карата Кыргызстан өзүнүн пикирин айтыш керекпи? Анткени бул мигранттардын дагы мүлккө болгон укугун бузуп атат деп ойлобойсузбу?

- Ошондой деп ойлойм. Бул туура эмес. Азырынча эч ким пикирин айта элек, мүмкүн бүгүн айтышаар. Мен “Майданга” чакырайын деп ойлоп атам элчини.

- Сиздер бул жолку конференцияны өткөрөрдүн алдына негизги көңүлдү чет жактардагы мигранттарга колдоо көрсөтүп, аларга укуктук жактан колдоо жардам бериш керек деген маселени коебуз деп айттыңыз эле. Бул жолку конференциянын негизги жыйынтыгы эмне болду деп ойлойсуз?

- Бул жерде Кудайым буюрса кыргыз мигранттары, гастарбайтер деген деңгээлден өйдө болуп, көп өлкөлөрдө толук камдуу жергиликтүү коомчулуктун мүчөсү боло баштагандар бар, алдыга кеткендер бар. Ушундай жаңы тепкичке көтөрүлүп атканда, ушуга таянып өзүбүздүн алдыбызга жаңы амбиция, пландарды, долбоорлорду коёлу деген максат менен чогулганбыз бул сапар.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG