Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

ЧОЛПОНБЕК АБЫКЕЕВ: “МАНАС ОРДОДОГУ” КАЗУУ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖҮРҮҮДӨ


Таластагы улуттук «Манас ордо» тарыхый комплексиндеги казуулар коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Кароол Дөбөдө археологиялык илимий-иликтөө иштери жүргүзүлбөй эле, илимге тиешеси жок адамдар талкалап-бүлүндүрүү жолу менен казып жатканын 30-июлда маалымат жыйынында жарыялады. Анын пикиринде кыргыздын ыйык жери деп аталган жайды мыйзамсыз казууну уюштургандар кылмыш жообуна тартылышы керек. Ал эми президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде жогорудагы иш чара мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын, Үмөталиеванын койгон дооматтары негизсиз экенин билдирди.

- Чолпонбек Мырза Кароол дөбөдөгү археологиялык казуунун башында сизди турат, бул иш чара мыйзамсыз жүргүзүлүүдө, деген кептер айтылууда. Буга сиз кандай баа бересиз?

- Өкмөттүн 2001-жылдын 1-июнунда кабыл алынган №261-токтому бар. Токтомдун негизинде “Манас ордо” Улуттук тарыхый-маданий комплекстин жетекчилиги келишим түзүп, ал жерде илимий изилдөө иштерди жүргүзүүгө толук укугу бар. “Манас ордо” ошол жерде мыйзамдуу түрдө илимий иштерди, археологиялык казууларды жүргүзүүгө, тарыхый иштерди жүргүзүүгө толук укуктуу. Ошонун негизинде Москванын “Кредо” фирмасы менен түзүлгөн келишим түзүп, анда бир сүйлөм киргизилген. Анын түпкү маңызы мындайча. “Анимус мунди” рухий академиясынын окумуштуулары археологиялык буюм, археологиялык белги табылганга чейин казуу иштерин жүргүзөт. Археологиялык белги көрүнөөрү менен казуу иштери токтотулуп, мамлекетке, өкмөткө билдирилет. Анан өкмөт тарабынан, мамлекет тарабынан атайын улуттук комиссия түзүүгө акт дайындалат деп жазылган. Бүгүнкү күндө иш ошого жетти.

-Кароол Дөбөнү казуу иштери менен жогорку бийликтегилер да кабардар деген маалымат бар. Ал эми жергиликтүү элдин бул иш чарага пикири кандай?

- Бул иш мамлекеттик катчыга да белгилүү. Мамлекеттик катчы ушул иштин мыйзамдуу жагын көзөмөлгө алууну мага тапшырган. Мен ал жерге ошол үчүн гана барып, келишимдерди, каттарды бир сыйра карап чыгып, коомчулук менен иштедим. Коомчулук менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болду. Ошол жердеги жалпы Талас эли колдоого алып жатышат. Бул жерде илимий жактан алганда, Кароол дөбөнүн алдында 3200 жыл мурдакы имарат табылышы мүмкүн деген ой айтылып атат. Азыркы күндө иш ошол имараттын дубалына жетип, мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүш үчүн токтотулуду.

-Маалымат жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Манас ордодогу” казуу археологиялык эрежелер сактабай, талкалоо жолу менен иштелип жаткан көрүнүш тартылган видео-тасманы көрсөттү. Ошондой эле жер алдынан табылган илгерки ар кандай жазуулар, белгилер бар таштарды сындырып салышканы тууралуу да тасмага түшүрүлүптүр. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Ал жердеги жердин катмары катуу. Нык топурак. Буга атайын топуракты койгулап, нык кылып бекитишкен экен. Ошол топурактын өзүн бургу менен бургулашкандыгы чындык. Анткени ал топуракты бургу менен сындыргандан кийин кадимки эле топуракка айланып калып атты. Экинчиден топурактын арасынан аскадан калган таштардын сыныктары чыкты. Эми аны биздин илимий чөйрөдөгүлөр да барып көрүшөт го. Эми ал таштар кыргыздын бардык эле аймагында бар. Кудайга шүгүр. Мен өзүм да барып көрүп келдим ал таштарды. Ал таштар эч кандай сынган жок. Топурактын арасынан кандай чыкса ошондой кылып коюп койдук. Аткени тигилер балким кандайдыр бир археологиялык жактан баалуулугу болуп калабы деп топурактан бөлүп коюшту.

-Чолпонбек мырза, Токтайым Үмөталиева сизге “Манас ордодон” жолугуп, казууну токтотууну өтүнгөн экен. Ал эми сиз, бул президенттин тапшырмасы, президенттин ишине тоскоол болбоңуз деген экенсиз. Бул иш чара менен Курманбек Бакиев да кабардарбы?

- Токтайым Үмөталиева оюна келгенди айтып, президентке асылып атканы эми анын өзүнүн иши. Үмөталиеванын артында ким турганын да бардыгыбыз жакшы билебиз. Бүткүл Кыргызстан билет. Ал кечээ эле кеткен президентибиз Акаевди коргоп чуркап жүргөнүн бардыгы эле билет. Анан бүгүнүкү күндө баягы кыргыз эли тарыхый чоң ачылыштын алдында турганда кайсы бир чөйрөлөр, биздин элибиздин жаркын келечегин каалабагандар, эртең элибиздин байып кетишин каалабагандар, бүгүнкү бийлик турган кезде кыргыз эли кандайдыр бир байлыкка ээ болушуна көрө албай ич күйдүлүк менен мамиле жасагандар ушундай болуп чуркап атышат. Муну биз күткөнбүз. Мындан башкалар да болушу мүмкүн. Аны биз күтүп атабыз. Анткени, азыркы күндө жеке эле экономикалык же болбосо идеологиялык тымызын кармашуулар жүрбөстөн, азыр духовный кармашуулар да жүрүп атат. Эми Үмөталиева болсо ошол жердеги элди көтөргөнгө аракет кылып көрдү. Бирок эч ким анын сөзүнө кирген жок. Мындайча айтканда, маданияттуу түрдө “эми сиз бул ишке кийлигишпей эле койбойсузбу” деп коюшту эле. Үмөталиева элди көтөрө албай коюп, ал жерден кетүүгө аргасыз болду окшойт. Бул биринчиси.

Экинчиден ар бир айыл өкмөтүнөн экиден киши мүчө болуп кирип, ал жерде көзөмөл комиссиясы түзүлгөн. Андан башка ал комиссияга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү киргизилген. Эл арасында айтылып жатат археологиялык казуудан алтын чыгат экен, тиги чыгат экен, бу чыгат экен деп.Эми алтын чыгып калса жакшы. Ал элибиздин байлыгы. Бирок ошол жерден имараттын табылышынын өзү, мына ошол имараттын дубалына жеттик. Бул дүйнөлүк тарыхый чөйрөдө,илимий чөйрөдө, археологиялык чөйрөдө чоң сенсация. Анткени ушул имараттын өзү эле бизге чоң туристтик агым болуп берет. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы үч миң эки жүз жыл мурдагы имараттар Азияда дээрлик жокко эсе. Анан ушундай эзелки тарыхый эстеликтин кыргыз жергесинде табылып калышы бул кыргыз маданиятына, кыргыз тарыхына өтө чоң салым кошот.

-Чолпонбек мырза видео-тасмада жергиликтүү милиция кызматкерлери сырттан байкоо салып турушканы, казуу жүрүп жаткан жерде кара футболка кийишкен чымыр денелүү жигиттер бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн сыртка чыгаруу аракетин көрүштү. Сизге түспөлдөш бир жигитти сиздин бир тууганыңыз, ошонун обьектилерди кайтаруучу фирмасынын жыйырмага чукул жигиттери казуу жүрүп жаткан жерди кайтарып турушат, дешти. Жергиликтүү тартип коргоо кызматтары тургандан кийин, Бишкектен кароолго кошумча күч алып баруунун кажети бар беле?

- Ал мындай. Ал жерде губернатордун тапшырмасы менен атайын көзөмөл кылып турган күч органдары деле бар. Алар мыйзамсыз болбосун деп көзөмөл кылып турушат. Экинчиси, фирманын өзү келишим түзүп, ал жерге келген эл эмне болуп жатат, тынымсыз элдер келе бербесин, казуу иштерине тоскоол болбосун деп атайын күзөт койгон балдар бар. Алардан башка иштеп аткан балдар да бар.

Ал эми Абыкеевдин бир тууганы жүрөт деп айтса, анын чындыгы бар. Анткени ал жерде менин бир тууган иним жүрүп атат. Аткени ал Таласта ушундай иштер болуп атыптыр, Талас эли көтөрүлүп атыптыр, Талас эли ушундай ишке каршы болуп атышыптыр деген маалыматтар массалык маалымат каражаттарына чыгып кетти. Ошондо менин бир тууганым “менин байкем Таласта жүрдү эле, эмне болуп атат. Бирөө аны аркасынан таш менен уруп кетпесин, же бирдеме кылып жибербесин”, деп барып калыптыр. Кыскасын айтканда мени коргойм деп барыптыр. Калганы болсо фирма менен түзгөн келишимге ылайык ал жердин өзүнүн кароолчулары бар.

- Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG