Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Туйгуналы Абдраимов кечээки маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, бул боюнча мыйзамдык базага да өзгөртүү киргизүү аракеттери көрүлүп, ал долбоор күзүндө парламентке сунушталат. Анткени азыркы мыйзамга ылайык, дарыгерлер бул илдетке чалдыккан-чалдыкпаганын аныктоо үчүн жеке ар бир адамдын макулдугусуз анын канын текшере албайт. Cоңку кезде өлкөдө ВИЧ илдетин жугузуп алуу коркунучу пайда болду. Маселен, өткөн жумадагы иликтөөлөрдөн соң Ноокат районунда 7 бала бул илдетти ооруканадан жуктурганы белгилүү болду. Учурда өлкөдө бул илдетке кабылган миңден ашуун адам катталган.(SM)