Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ӨНӨКТӨШТӨРҮН ИРАНДЫН ТЕРС ТААСИРИНЕН КОРГОЙТ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана коргоо министри Роберт Гейтс Жакынкы Чыгыштагы сапарын улантып, арап өлкөлөрүнө жана Израилге аскердик жардам көрсөтүүнү убада кылууда. Райс айым Кошмо Штаттардын Сауд Арапстан, Мисир өңдүү өнөктөштөрүнө багытталган миллиарддаган долларлык курал-жарак жана башка жардамы - чөлкөмдөгү экстремисттик уюмдар жана Сирия менен Ирандын күчөп бараткан “терс” таасирине каршы турууга күч кошот деп белгиледи.

Шейшембиде Мисирде өткөн маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Вашингтондун чөлкөмдө көздөгөн максатын төмөнкүдөй белгиледи.

- Кошмо Штаттар өз өнөктөштөрүнүн коопсуздук маселесиндеги муктаждыктарына жардам көрсөтүү жагынан ишеничтүү шерик экенин кепилдегиси келет. Биздин бул чөлкөмдө терроризм менен экстремизмге каршы күрөштү бекемдөө, буга чейин жетишилген тынчтык жараяндарын коргоо, келечекте өнүктүрүү өңдүү көптөгөн жалпы кызыкчылыктарыбыз бар.

Кондолиза Райс менен Роберт Гейтс дүйшөмбүдө Шарм эш-Шейх шаарында Мисирдин президенти Хосни Мубарак жана бир катар арап өлкөлөрүнүн министрлери менен жолугушту. Вашингтондук чабармандар анда Жакынкы Чыгыштагы өнөктөш өлкөлөр менен түзүлчү аскердик келишимдер Сирия менен Иран өңдүү тараптардын кооптуу таасиринен коргонуу аракетин бекемдөөнү көздөйт деп белгилешти. Ал жардамдын ичинде Израилдин аскердик кубатын күчтөндүрүүгө алдыдагы 10 жылга эсептелген 30 млрд долларлык жардам, ушундай эле мөөнөткө эсептелген Мисирге берилчү 13 млрд долларлык көмөк, Сауд Арапстан жана башка бир катар арап мамлекеттерине курал-жарак сатуу чаралары камтылган. Райс айым Вашингтон менен кызматташып келаткан арап өлкөлөрүнө канчалык жардам көрсөтүлөөрүн чечмелеп айткан жок, бирок айрым маалымат каражаттары аларга бардыгы 20 млрд долларлык ракеталык коргонуу системалары, аскердик кемелер баш болгон техника, жабдыктар жөнөтүлөт деп кабарлашты. Кондолиза Райс Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө мындай жардам көрсөткөнү үчүн аларды Иракка көмөктөшүүгө сүрмөлөбөйт, бирок Ирактагы стабилдүүлүк – баарыбыздын жалпы тилегибиз деп басым жасай кетти.

Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштүрүнө аскердик жардам таратканы Иранда терең нааразычылык жаратып, Тегеран АКШны чөлкөмдө курал-жарак соодасын күчөтүп, жаңы коркунуч жайылтып жатат деп күнөөлөдү. Райс айым бул билдирүүнү комментарийлеп, Жакынкы Чыгышта тынчтык бузулса, ал үчүн жоопкерчилик эң ириде Ирандын бийликтеринин мойнунда болушу мүмкүн деген жооп кайтарды.

Бирок АКШнын бул аскердик жардамы Вашингтондун өзүндө да кайчы пикирлер жаратпай койгон жок. Маалымат каражаттарында Сауд Арапстан ал жардамдан пайдаланып, Ирак өкмөтүнүн ички душмандарын тымызын каржылоону күчөтпөйт деп ким кепил боло алат деген пикирлер жарыяланды. Анын алдында эле АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Залмай Халилзад Сауд Арапстан ушунча болуп Иракка колунан келген бир жардамын көргөзө элек деп нааразыланган эле. АКШлык Курал-жарактарды көзөмөлдөө ассоциациясынын изилдөө иштери боюнча директору Вейд Боси да ага үндөш көз карашта:

- Кошмо Штаттар 1991-жылдан бери Сауд Арапстанды курал-жарак менен камсыздоо жагынан алдыңкы сапты ээлеп келатканы менен, Эр-Рияддык жетекчилер өз өлкөсүндө өсүп-өнүп, АКШга кастыгын тиккен фундаменталисттердин мойнун толгогон жок. Сауд Арапстандын бийликтери аларды өзүлөрүнө зыяны тийбеген соң көрмөксөнгө салып келатышат. Ошондуктан деги биздин мамлекет саткан курал-жарак биз көздөгөн таасир, саясатты аркалап жатабы деген суроо абдан актуалдуу.

Кондолиза Райс менен Роберт Гейтс оозеки убада кылып жаткан аскердик келишимдер али Конгресс тарабынан бекитилиши керек. Конгресстин айрым мүчөлөрү Жакынкы Чыгышка берилчү курал-жарак кол салууга жарабай турган, жалаң коргонуу багытында колдонулчу жабдыктар болушу керек деп талап кылышты. Ал тапта АКШнын мамлекеттик катчысы менен коргоо министри шаршембиде Сауд Арапстандын падышасы менен жолугушмакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG