Дүйнөлүк базарда дан азыктарынын баасы кымбаттаганына бир жылга жакындап калды. Өткөн жылы күздөн тарта айрым бир өлкөлөрдө кургакчылык болгонуна байланыштуу буудай жакшы түшүм бербей, кампалар толбой калган. Бул аралыкта баа 30-40% чейин өсүп кетти. Бул албетте Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон жок. Өлкөнүн өзүндө өндүргөн буудай элди толук камсыз кыла албагандыктан, ун өндүрүүчү ишканалар Казакстандан дан, ун тартып келишип, бөксөнү толтурушчу. 2005-жылы Казакстандан келүүчү буудайдын 1 тоннасы 105 доллар болсо, 2006-жылы 130 доллар болчу. Быйылкы жылы баа 200 долларды чапчыды. Адистер быйыл коңшулардын өздөрүндө да буудай тартыш болуп жаткандыгын, жакынкы арадан бери Казакстан данды Кыргызстанга мурда берип келген баада сатуудан баш тарткандыгын айтышат. Ун өндүрүүчү ишканалардын бири – “Акун” фирмасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда казак өкмөтү өз керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо максатында данды сыртка чыгарбай коюусу мүмкүн:
- Азыр казак өкмөтүндө ушундай бир кеп бар: алар өздөрүнүн базарын коргоо үчүн буудайды сыртка сатууга чектөө киргизилүүсү мүмкүн. Эгер чектөө киргизилсе, бул дагы биздеги баанын өсүшүнө өбөлгө түзбөй койбойт.
Акыркы жылдары Кыргызстандык дыйкандар буудайды көп айдабай калган. Буга буудайдын баасы төмөн болуп турганы себеп болгон. Мындан тышкары кийинки убакта аба ырайындагы өзгөрүүлөр, кургакчылык да эгинден жакшы түшүм алууга терс таасирин тийгизүүдө. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин айыл чарба адиси Аскарбек Сагынбаевдин айтуусунда буудайдан алынуучу түшүм жыл сайын 2-2,5 центерден азаюуда:
- Чүй облусу боюнча 10-12 миң гектар жерде күздүк буудай менен арпа көпчүлүк жерде үстүнөн себилди, айрым жерлерде бузулуп себилди. Калтырылгандары болсо сейрек чыгып, түшүмдүүлүгү төмөн болду.
Дыйкандар болсо жазгы айдоо учурунда техниканын, күйүүчү майдын жана минералдык жер семирткичтердин жетишсиздигинен улам мээнет акталбай калып жаткандыгын айтышат. Сузак районунун тургуну Бүрайма Сатарова 1 гектар 20 сотых жеринен 500 кг эле түшүм алган:
- Буудайдын баасы ушинтип түшүм аз болгону үчүн кымбаттап атат. Азыр жети сомго чыкты. Кийин он сомдон да ашып кетүүсү мүмкүн. Түшүмдүн аздыгы техниканын, жер-семирткич жана башка дары-дармектердин аздыгынан, жоктугунан жана күндүн ысыктыгынан улам болуп атат да.
Дан эгиндерин айдоодо дыйкандар да, айыл чарба адистери да ат үстүнөн мамиле жасашкандыктан, түшүм начар болуп жатат деген пикирлер да бар. Айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиев кыргыз өкмөтү буудайды айдоо учурунда көңүл буруп, айдоо жана сугат иштерин убагынан кечиктирбей жүргүзсө, Кыргызстанда айдалган буудай элдин талабын толук канааттандырууга жетмек дейт:
- Күздүк буудай сепкенде мөөнөтүнөн кечиктирилбей себилүүгө тийиш. Сентябрдын аягы, октябрдын башынан калтырылбай себүү керек. Биздикилер кеч күзгө: ноябрь, декабрга чейин калып кетишет да, анан түшүмдү аз алышат. Күздүк буудайдан дан жакшы алынат. Мындай буудай жалпы буудай айдоо аянтынын 60-70 пайызын түзүүгө тийиш, биздики азыр тескерисинче болуп жатат.
Жамин Акималиев ошондой эле буудайды себүүдө үрөндүн сортуна да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Кыргыз өкмөтү нандын баасын ылдыйлатууга, жок дегенде ушул калыпта кармап калууга аракет жасоодо. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев базар баасын арзандатуу максатында мамлекеттик резервден 15 миң тонна буудайды сатууга чыгаруу чечимин кабыл алды. Нан базарындагы акыбалга карата көрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кыргыз өкмөтүнүн бүгүн, 1-августта боло турган жыйынында айтылмакчы.