Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ооган бийликтери талибдердин талабына көнбөйт


Президент Хамид Карзайдын расмий өкүлү “талибдердин талабын аткарбаш керектигин белгиледи. Президент өкүлүнүн айтымында, талибдердин талабына көнүү согушкерлерди жаңы уурдоолорго түртөт. Түштүк кореялык 21 жаранды барымтада кармап турган талибдер өз согушкерлерин түрмөдөн бошотууну талап кылышууда. Алар эгер бул шарт аткарылбаса, барымтадагылар өлтүрүлө турганын эскертип жатышат. Буга чейин барымтага алынган түштүк кореялык жарандардын экөөсү өлтүрүлгөн. Талибдер 19-июлда гуманитардык миссиянын 23 кызматкерин барымтага алышкан эле.

XS
SM
MD
LG