Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

12:46 Феликс Куловду Коопсуздук комитети суракка чакырды


«Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронттун лидерлеринин бири Эмил Алиевдин билдиргенине караганда 19-апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин айланасында суроолорго жооп берүү үчүн бүгүн Феликс Кулов комитеттин тергөө башкармалыгына барат. Бириккен фронттун лидери Феликс Куловго чакырууну комитеттин коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы жөнөткөн. Буга чейин Куловду тергөөчүлөр эки ирет суракка алышкан.
19-апрелде баш аламандыкты уюуштурду деген кине менен мурда ишкер Өмүрбек Абдыракманов, экс министр Өмүрбек Субаналиев жана «Канжар» жаштар уюмунун мүчөсү Адилет Айтикеев камакка алынып, кийинчерээк депутаттардын кепилдиги астында убактылуу бошотулган. Укук коргоочулар 19-апрелде баш аламдык болду деген бүтүмгө каршы болуп келатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG