Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

КАСЫМБЕК МАМБЕТОВ: ТИЛЕККЕ КАРШЫ КЕМЧИЛИКТЕР БАР


Ош облусунда ВИЧ инфекциясы жаш балдарга жуккан фактысы соңку күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин негизги көйгөйүнө айланып, министр Туйгуналы Абдыраимов Ноокаттагы окуяны азыр прокуратура органдары териштирип жатышканын айтты. Бир топ дарыгерлер кызматынан алынды. Ушул маселенин айланасындагы «Азаттыктын» суроолоруна Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Касымбек Мамбетов жооп берди.

- Сөзүбүздү жаш балдардын абалы жөнүндө суроо менен баштасак. ВИЧ-инфекциясы жугуп калган жаш балдардын абалы эми кандай болот? Аларга кандай камкордук көрсөтүлөт?

- Саламаттыкты сактоо тармагында өкүнүчтүү окуя болду, ал барыбызга белгилүү. Саламаттыкты сактоо министрлиги ошол иштин үстүндө көп иш-чара колдонуп атат. Азыр атайын комиссия түзүлгөн. Ноокат районунда Ош облустук балдар ооруканасында жана башка мекемелерде иш жүргүзүлүүдө. Биз ошол табылган жети баладан башка да балдарды издеп атабыз. Мүмкүн дагы бардыр. Андай болбосо жакшы болоор. Ош облусундагы донорлорду да, кош бойлуу аялдарды да текшерип атабыз. Табылган тогуз баланын ата-энелери менен психологдор, биздин медиктерибиз атайын иш жүргүзүп атат. Глобалдык фонд аркылуу келген антиретровирустук терапия препараттары менен дарылаганга даярбыз.

- Мунун баары акысыз жүргүзүлсө керек?

- Сөзсүз акысыз берилет. Анткени бул дары-дармектер абдан кымбат. Ар бир дарылоо курсу бир нече миң доллар турат.

- Каражат ким тарабынан берилет, министрлик тарабынанбы же кандайдыр бир фонддор аркылуубу?

- Эларалык донорлук Глобалдык фонд бизге жардам берип атат. Штаб квартирасы Женевада. Ошол фонд аркылуу азыр адистер менен сүйлөшүү жүргүздүк. Азыр дары-дармектер бар. Дарылаганга даярбыз.

- Министрдин айтымында, Ошто абал чын эле оор экенин министрлик эки жыл мурда эле билдирген экен. Бирок убагында тийиштүү чаралар көрүлбөй, эми бей күнөө наристелер илдетке кабылып отурат. Керек болсо инфекция жуккан медсестра өзү да ошол эле бөлүмдө иштей берген экен. Чечим өз мезгилинде аткарылбаганын кантип түшүндүрсө болот?

- Абдан туура айтып атасыңар. 2005-жылы октябрь айында көчмө коллегиябыз өткөн Ош шаарында. Ошондо Жалалабат, Баткен, Ош облустук ооруканалардын жетекчилеринин баарын топтогонбуз. Ошондо эки бала табылган. Ошондо дагы медиктердин туура эмес жасаган иштери, манипуляциялары, санэпиддик режимдерди колдобогон учурлары болгон. Ошондо биз сөгүш берип, жетекчилерге убакыт бергенбиз, оңдогула, жасагыла деп. Бирок тилекке каршы кемчиликтер бар экен. Ноокат аймактык ооруканасынан чыгып атат. Бул жерде айта кете турган дагы бир нерсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчи бала Бишкек улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборуна келип түшүп аныкталганда, биз өзүбүз барып издеп, жети баланы таап атабыз.

- Касымбек мырза, өлкөнүн башка райондорунда дагы ушундай текшерүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Биз дүйшөмбү күнү Ошто атайын коллегия өткөрүп, ошол жерде жалаң эле Ош облусунда эмес бүт облустарда атайын ар бир ооруканада санитардык-эпидемиялык режим колдонуп атабы, жокпу изилдеп, октябрь айында кийинки коллегияны өткөрөлү деп бекиттик.

- Бул фактынын орун алып калганы жөнөкөй кыргызстандыктардын арасында азыр медициналык кызматкерлерге, ооруканаларга ишенимди жоготот деп ойлобойсузбу?

- Жок андай эмес, мен андай ойдон алысмын. Анткени бул өкүнүчтүү окуя бир ооруканада болуп атат, мен башка ооруканаларда мындай кемчиликтер аз деп ишенем.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG