Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

17:58 Аламүдүндөгү «Кыргызстан» санаторийи кимдин менчигине айланат?


Аталган маселеге байланыштуу санаторийде дарыланып жаткан оорулуу адамдар жана жергиликтүү тургундар президентке кайрылуу жолдоду. Алардын айтымында, «Кыргызстан» санаторийи жакында бир чиновниктин менчигине айланганы турат. Эгер чындап менчикке өтүп кете турган болсо дарыланууга келгендерге ар кандай кыйынчылыктар жаралышы толук мүмкүн дешет. Ал эми Кыргызстан профсоюздар федерациясынын курорттор боюнча башкармалыгынын төрайымы Клара Шабалотова «Азаттыкка», айтылгандарды толугу менен четке кага турганын айтты. Кошумчалай кетүүчү нерсе, адистер бүгүнкү күндө Кыргызстан профсоюздар федерациясына тиешелүү «Кыргызстан» санаторийи өзүн-өзү каржылоого толук күчү жетпесин айтышат. Андыктан кайрадан оңдоп-түзөө үчүн инвесторлорды тартуу маселеси көтөрүлүп жатат. (JJ)

XS
SM
MD
LG