Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

18:05 Жалалабатта экстремизм менен терроризм коркунучу тууралуу кеңешме өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Коомчулукту өлкөдө тыюу салынган жашыруун уюмдардын ишмердүүлүгү тынчсыздандырууда. Коңшу өлкөлөрдөн качкан террорчу экстремисттер кыргыз мыйзамдарынын гумандуулугунан пайдаланып, түштүк аймактарында тымызын иш жүргүзүүдө. Диний экстремисттик уюмдар өз катарына жумушсуздар менен жаштарды, түрмөдөн чыккан адамдар менен аялдарды тартууда. Молдо-имамдар билиминин тайкылыгынан экстремисттик уюмдардын максат-мүдөөсүн элге түшүндүрө алышпайт. Өкмөт алдындагы дин агенттигинин деректири Тойгонбек Калматов «Хизб-ут-тахрир» уюумунун Кыргызстандагы 10 миң мүчөсүнүн 2 миңи аялдар, Оштогу былтыркы террактардан 7 адам өлүп, 20 киши жарадар болгонун мисалга тартты. Карасуу районунда кармалган «Хизбутчулардан» Ислам халифатын орнотууга чакырган адабияттардан сырткары курал-жарак жана жардыргыч заттар табылганын билдирди. Жыйында экстремисттер менен террорчуларга жазаны күчөтүү пикири козголду. (YA)

XS
SM
MD
LG