Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

ҮЙ ЧАТАГЫ: СОТ ЧЕЧИМИ ЧЫККАН, АНЫН АТКАРЫЛЫШЫ КЕЧЕҢДӨӨДӨ


Кыйла жылдардан бери Бишкектеги “Достук” кичирайонундагы 5 үйдүн айланасындагы талаштуу маселе чечилбей келатат. Райондук, шаардык, Жогорку сот кичирайондогу беш үйдөгү он алты квартираны ээлеп алгандарды бошотуп берүү жөнүндө чечимдерин чыгарышкан. Бирок да сот чечими аткарылбай, үй маселеси дагы талашка түшүп, аны чечүү Шаңхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйынынан кийинкиге калтырылды.

Талашка түшкөн беш үйдүн курулушу мындан 22 жыл илгери башталган. Эгер ал убагында бүтсө жаңы кичирайондогу үч кабат үйлөргө «Кыргызайылиндустриясы» өндүрүш комбинатынын жумушчу-кызматчылары кирмек.

Бирок да кичирайон салынгыча заман өзгөрүп, комбинаттын иши жүрүшпөй, курулушу токтоп, бүтө элек үйлөр кыйла жылдар кароосуз калган. Комбинат жоопкерчилиги чектүү «Кереге» коомуна айланган. Анын жетекчи орунбасары Людмила Полякованын маалымдашынча, бош калган үйлөргө Аскар Базаркулов ээ чыгып, бүтө элек квартирлерди башка кишилерге бөлүп берген.

- Биз үй ээлеп алгандар менен сүйлөшөлү деп барсак А.Базаркулов «Керегенин» айткандарына ишенбегиле, булар банкрот болуп калган. Буларга эч нерсе төлөбөгүлө, биз силерге үйдү бекер беребиз» деген.

«Жаңы мезгил» партиясынын жетекчиси Аскар Базаркуловдун айтуусунда, бош калган үйлөрдү бүткөрүп, аларды ээлеп алуу өкмөт токтомунун негизинде жүргөн.

- Өкмөт 2004-жылы июль айында атайын токтом кабыл алган. Токтом Бишкек шаарындагы бүтпөй калган турак-жайлар жөнүндө болчу. Биринчи жолу – сатып алуу, менчиктештирүү. Экинчи жолу – ижарага алып жашоо. Үчүнчү жолу – бекер берүү.

Чала бүткөн беш үйдү ээлеп алгандар өз жанынан акча чыгарып, үйдүн үстүн жаап, суу, электр жарыгын киргизип кыйладан бери жашап келатышат. Людмила Полякованын ырасташынча, «Кереге» жоопкерчилиги чектүү коому аларды ээлеп алган жеринен кууп чыкпай, жашап жаткан жайларын сатып алууну сунуштаган. Атайын комиссия түзүлүп, ал бир бөлмөнүн баасын 15 миң, эки бөлмөнүкүн 30 миңге, үч бөлмөнүкүн 45 миң сомго баалаган. Айтылган акчаны 50 үй-бүлө төлөп берип, ушу тапта сот чатагы жок жаңы үйлөрүндө жашап жатышат.

- Бирок да А.Базаркуловдун сөзүнө кирип, «Керегеге» акча төлөбөй койгондор да болду. Биз аларды сотко бердик,- дейт Л.Полякова.

Аскар Базаркулов болсо сот экинчи тараптын жүйөөсүн укпай, өкмөт токтомун эске албай койду, деген пикирде.

- Өкмөттүн токтомун мен сайрап айтып атам. Мына, токтом. «Сот дагы бийликтин бир бутагы. Өкмөт токтомуна көңүл бургула», десем болбойт.

«Кереге» жоопкерчилиги чектүү коому ошол үй акысын төлөбөй койгон 16 үй-бүлөнү чыгарып, алардын ордуна өз кызматкерлерин киргизүү чечимин чыгарган. Сот чечимин колуна алган Дилде Мамытова 45 миң сом төлөгөн 3 бөлмө үйүн эмдигиче алалбай жүрөт.

- Квартирамды басып алышты. Ичин оңдогон болчумун. Терезе койгом, эшик койгом. Бөлмөлөрдү бөлгөм. Буюм салгычты, ашкананы бөлгөм. Көп чыгым болдум. А.Базаркуловдун кишилери басып алышты.

Ушундай эле проблемага Акылбек Турганбаев да туш болуп, мыйзам иштебей жатканына нааразы.

- Мыйзам менен чечилсин деп биз мыйзамды гана күтүп олтурабыз.

Аскар Базаркулов үй ээлеп алгандар эмнеликтен жашаган бөлмөлөрүн бошотуп бербей жатышканын каржылык маселеге байланыштуу түшүндүрөт.

- Биз айтып жатабыз. «Жок дегенде ошол кеткен чыгымды бер», десек ага да көнбөйт. Анан эмне, ушунча жыл жашап, 150 миң сом чыгым болгондон кийин жөн чыкпайбыз, деп жатышат.

Сот чечимин аткаруучулар ушул жылдын 30-июлунда «Достуктагы» 16 үй-бүлөнү ээлеп алган үйүнөн чыгаруу үчүн келишсе жергиликтүү бийлик жетекчилеринин Шаңхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйыны өткүчө талаштуу маселени козгобой туруу өтүнүчүн айтып, келген аткаручуларды жолго салышкан. Сот чечимин аткаруу 20-августка жылдырылды. Эки жылдан бери ушинтип бул иш улам артка жылдырылып келатат.

XS
SM
MD
LG