Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

АКШда Миссисипи дарыясындагы чоң көпүрө кыйроого кабылды


Миннесота штатындагы бул кырсыктан кеминде 6 адам ажал тапканы жана ондогон кишилер жаракат алганы кабарланууда. Кыйроо маалында 50 чакты автоунаа дарыяга кулап түшкөн. АКШнын ички коопсуздук боюнча департаменти муну террордук акт деп атоого негиз жоктугун билдирүүдө. Азыр куткаруу иштери улантылып, кыйроонун себептери такталууда. Маалыматтарга караганда, көпүрө мындан 40 жыл мурда курулган экен.

XS
SM
MD
LG