76-жаштагы Австралиялык медиа-магнат Руперт Мердок 100дөн ашык гезит, “Fox-news” телеканалы жана бир нече киностудияларга ээлик кылат. Ал "The Wall Street Journal," гезитин сатып алууну мурдатан эле кыялданып келген. Аталган гезит АКШдагы белгилүү деген ММКлардын катарына кирет, жана аны бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү эң таасирдүү адамдар алып окушат. Эми Мердоктун кыялы ишке ашып, ал медиа тармактагы дагы бир көрүнүктүү компаниялардын бирине ээ болду.
Портер Бибб - массалык маалымат каражаттары тармагындагы серепчи буларды айтат:
- Ал "The Wall Street Journal,"ды сатып алууну мурда эле көксөп жүргөн. Ал 19996-жылы, андан соң 98-жылы "Dow Jones" компаниясын сатып алсам деп аракет жасап, акыркы учурда айнып калган. Эми компания анын медиа империясынын пайдубалын түзөт, андыктан Мердоктун ага ээлик кылуу кыялын түшүнсө болот.
Бирок Мердок компаниянын кызматкерлеринин баарынын эле купулуна толгон жок. Бир топтор эми ал өзүм билемдикке салып, гезит жүргүзгөн саясатка кийлигишет дешүүдө. Компаниянын сатылганын угуп, анын эки директору дароо кызматын таштап кеткен, ал эми бир топ журналисттер Мердоктун гезитти сатып алышына ачык эле каршы чыгышкан.
Ал арада айрым маалыматтар боюнча Мердок "Уолл Стрит джорнал" гезитинин башкы редакторлорун кызматка алуу жана кызматтан кетирүүнү көзөмөлдөй турган комиссия түзүүгө макулдугун берди.
Ал эми ондогон жылдар бою "Dow Jones" компаниясына ээлик кылып келген Бенкрофтор үйбүлөсүнө компанияны сатуу чечими оңойго турган жок деп айтылат айрым маалыматтарда. Мердок менен үйбүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр 3 сааттан ашык убакытка созулуп, акыр аягы миллиардер аларды көндүрө алды.
Руперт Мердок сөз болуп жаткан компанияны сатып алуу менен эле токтолуп калууну каалбайт, эми миллиардер Болгария, Румыния, Грузия, Түркия жана башка мамлекеттерден гезит-журнал, телеканалдарды сатып алууну пландаштырууда.