Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

ТООЛОР ТОКОЛ КАЛАБЫ?


ХIХ кылымдагы кыргыз ойчулу, акын Калыгул Бай уулу айтылуу санаттарынын биринде: «…Кул бий болор, уй пул болор, көл кесел болор, тоо токол болор» деп айткан экен. Бүгүн кыргыз окумуштуулары кыргыздын жаратылышы да деградацияга учурай баштады деп коңгуроо кага баштады.

Алдыда келаткан он жылдык кыргызстандыктарды тамак-аштын кризисине кептеши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан тоолордун колтугунда жашаган элетттиктер үчүн тезинен кам көрүшү зарыл деп жазган «Комомольская правда Кыргызстан» гезити, Кыргызстанда 2002-жылы эле глобалдык тоо саммити өтүп, саммитте дүйнө өлкөлөрүнүн көңүлүн бийик тоолуу шартта жашаган элдердин проблемаларына бурууга аракет жасалганын, алтургай үстүбүздөгү жылы Бишкекте глобалдык тоо форумун өткөрүү чечими кабыл алынганын, тилекке каршы ортодон Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн Бишкек жыйыны чыга калып, ой-максаттардын баарын бузуп кеткенин баяндады. Өкмөттүк эмес «Кыргыз экологиялык фонддун» президенти Кулубек Бөкөнбаевдин айтуусунда, алыскы тоолуу аймакты адамдар таштап кете баштады. Айылдарда жалаң кары-картаңдар менен жаш балдар калууда. Ички миграция болуп көрбөгөндөй күчөдү. Ошол эле Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы элдин жайгашуу жыштыгы бир чарчы километр аянтка 400 кишиден туура келип жатат. Бул деген отурукташуунун жеткен чеги дегенди түшүндүрөт. Элдин деградациясына эми жердин деградациясы кошулду. Мындай трагедия жакын арада өз залакасын тийгизиши мүмкүн. Мисалы 2020-жылы Кыргызстандын ар бир жаранына 0,1 гектар жер гана таандык болуп калат, ал эми бир эле кишинин курсагын тойгузуш үчүн төрт тарабы төп келген 0,2 гектар жер керектелет. Ушул эле гезит «Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн» бириккен фронттун жолбашчысы Ф.Куловдун УКК тергөөчүсүнө сурак бере баштаганын, күз күчүнө кирген сайын саясаттагы ал-акыбал да курчуп келатканын жазды.

«Алиби» гезити коомчулуктун бүйрүн кызытып турган айтылуу Кароол Дөбөгө байланыштуу маселе боюнча президенттин коомчулук менен байлыныш бөлүмүнүн башчысы Чолпонбек Абыкеев менен баарлашуусун басты. Абыкеев мырза Кароол Дөбөнү ачуу убактысы 2007-жылдын 7-айынын 7-күнүнө туура келгенин, демек үч жетини кошкондо 21 деген сан чыгарын, ал ХХI кылым дегенди түшүндүрөрүн, эгер казылып калса дөбөнүн алдында 4000 тонна алтын, бриллиант дарак жана бир канчалаган кылымдар илгерки китепкана барын, окумуштуулар Кароол Дөбөгө катылган имаратка кеминде 3200 жылдык жашты берип жатышканын, ал эми тарыхта археологиялык имараттардын эң байыркысы 2500 гана жылды түзөрүн, кокус бул аракет ызы-чуусуз ишке ашып калса дүйнө эли Меккенин ордуна Таласка келе баштарын кенен кеп кылган. Гезит Буга карата айрым жарандардын пикирин сурамжылаганда белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов, казуу маселесин кыргыз элине деген патриоттук сезими өлүп калгандар көтөрүп жатканын айтса, «Манас Ордо» маданий комплексинин деректири Ормош Чоюнбаев, Кароол Дөбөдөгү казынаны ачууга Акаев доорунун учурунда эле бийлик тарабынан уруксат берилгенин, эгер издеген нерселер табылып калса мындан Талас элинин эле эмес бүтүндөй Кыргызстандын зоболосу көтөрүлөрүн, алтургай Манас эпосунун өзүндө деле «Элим катуу кыйналганда жеримен алтын чыгып азаптан сактап калат» деген жазуулар бар экенин айтат. Манас күмбөзүнүн молдосу Молдо Мухаммед, ачылса ачылып элге пайдасы тийгизсе деп ойлоорун, бирок өткөндө сыйынууга келген бир киши көзүн жуумп алып: «Булар бекер убара болушууда, Манас атанын казынасы Эчкили тоого көмүлгөн» деп айтканын маалымдайт. Ушул эле «Алиби» экс-депутат, тоо-кен адиси Орозбек Дүйшеевдин «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы алдым-жуттумдука арналган макаласын жарыялады. Орозбек мырза «Кумтөр» боюнча комиссия Танаев өкмөтү тарабынан токулган токтомдун кыргыз элинин кызыкчылыгна каршы жазалганын аныктап коррупцияны алдуу алуу боюнча улуттук кеңешке жана ушундай эле аталыштагы президентке караштуу агенттикке жөнөткөнүн, бирок ошого карабастан 6-7 айдан бери жоопсуз калып келатканын айткан. Бүгүнкүдөй ыраатсыз акыбалга шарт түзүп жаткан бир катар карама-каршылыктардын башкы себеби- элдин бийликтин бир дагы бутагына ишенбегенинде, соттордун адилетсиздигинде дейт автор макаласында.
XS
SM
MD
LG