Альманахка БУУнун жаштык программасынын жайкы демократия мектебиндеги 22-26-июлдагы экинчи семинарларында айтылган эң мыкты ойлор, баарлашуулар, талкуулар жана башка макалалар жарыяланмакчы. Семинарларда саясат, экономика, адам укугу жана маданият жаатындагы түйүндүү маселелер талкууланып, ага Кыргызсандын баардык аймагынан жана коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мектебинен келген жетимиштен ашык жаш лидерлер катышкан. Алар бул иш-чаранын жүрүшүндө саясий коомдук ишмерлер менен жолугушуп, өздөрүнүн лидерлик сапаттарын жогорулатып, атуулдук жараяндарга жигердүү катышуу боюнча сабак алышкан. Мектептин үчүнчү акыркы семинарлары август айынын орто ченинде башталат. (EBM)