Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

ДАРФУРГА ЭЛ АРАЛЫК АСКЕР КҮЧТӨРҮ ЖИБЕРИЛЕТ


Жаңыл Жусубжан, Бишкек Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши Судандын Дарфур аймагына 26 миң тынчтык аскерин жиберүүнү жактырды. Резолюция шейшембиде бир добуштан кабыл алынды, бирок анын Дарфурдагы кан төгүүнү тез арада токтотууга көмөктөш болоорунан күмөн санагандар болуп жатат.

Бириккен Улуттардын кызматкерлери резолюциянын кабыл алынышына жогору баа беришти. Айрыкча уюмдун баш катчысы Бан Ки-муун кубанганын жашырган жок:

– Дарфурда бул гибрид күчтөрүн жайгаштырууга көрсөтмө берүү менен сиздер аймак тургундарынын жашоосун жакшыртууну, жана Судандын тарыхындагы трагедиялуу баракты жабууга чын ыкласыңарды билдирдиңиздер.

Батыш өлкөлөрү да добуш берүүнүн жыйынтыгын колдоп жатышат. Бирок айрымдар тынчтык аскерлеринин Дарфурдагы кыргынды токтотууга жетиштүү мандаты бар экендигинен күмөн санашууда.

Алардын бири Британиянын Бириккен Улуттардагы элчиси Жоунс Парри:

- Дарфурдагы катастрофа бул залда 15 кишинин кол көтөрүүсү менен токтоп калбайт. Дарфурдагы азап-тозок биздин добуш берүүбүз менен бүтпөйт. Бирок бүгүнкү чечим жана андан кийин көрүлө турган иш-аракеттер Дарфур үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачат.

АКШнын элчиси Залмай Хализад Судандын президенти Омор ал-Баширге тынчтык аскерлерин кабыл алуу менен чектелбестен, бейкуттукту кепилдөө үчүн дагы кошумча аракеттерди көрүшү керектигин эскертти.

Кытайдын элчиси Судандын атынан сүйлөп, бул өкмөттүн "ийкемдүүлүгүн жана чечкиндүүлүгүн" мактады.

Кытайды резолюцияга көндүрүү Суданды аскерлерди кабыл алууга көндүрүүдөн жеңил болгон жок. Кытайдын Судан менен тыгыз соода байланышы бар, анын ичинде Кытай Судандын бардык мунайынын үчтөн бирин сатып алат.

Дарфурдагы кризисте 200 миңден ашык киши набыт болуп, 2 жарым миллиону үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Бул гуманитардык кризис 2003-жылы түпкүлүктүү африкалыктар арабдар үстөмдүк кылган өкмөткө каршы куралдуу күрөш ачканда башталган.

Жергиликтүү африкалыктар биринчи кезекте Жанжавид деп аталган арабдардын куралдуу топтордон жапа тартып келатышат. Жанжавиддер судан өкмөтүнүн тапшырмасын аткарып жатат деген сөздөр бар. Бирок расмий Хартум бул айыптоону моюндаган эмес. Кандай болгон күндө да, бүгүн үй-жайсыз калган жүз миңдеген африкалыктар кургакчылыктан жапа тарткан Дарфур аймагынын чет-жакасындагы лагерлерде өлбөстүн күнүн көрүшүүдө.

Судандын президенти ал-Башир Бириккен Улуттардын жана башка эл аралык уюмдардын жанжавиддерди теске салуу аракетине каршылык көрсөтүп келди. Бир жыл мурда ал козголоңчу топтордун бири менен тынчтык келишимине кол койгон. Анын аралыгында, Африка биримдиги бул жакка 7 миң тынчтык аскерин жөнөткөн.

Азыр эми ал-Баширдин талабы менен, Бириккен Улуттар уюму Дарфурга негизинен африкалыктардан турган күчтөрдү жөнөтө турган болууда. Алардын 19 миңи аскерлер, 6 миң чактысы жарандык тартип коргоочулар болот. Бирок алар Суданга келерки жылда гана келе баштайт деп күтүлүүдө. Ал эми айрымдар ал тургай убада кылган өлкөлөр жетиштүү санда аскер жибереби деп күмөн санашууда.

Вашингтондогу көз карандысыз Стратегиялык жана Эл аралык изилдөөлөр борборунун эл аралык иштер боюнча адиси Симон Серфати биздин радиого БУУнун резолюциясы тууралуу эки ача ойдо болуп жаткандыгын билдирди.

Анын пикиринде, эгер дүйнө мамлекеттери Дарфурдагы кан төгүүнү чындап токтоткусу келсе, 1990-жылдары Балкандагыдай, Бириккен Улуттардын чегинен сырткары иш алып барышмак. Кандай болсо да, аналитик БУУнун соңку аракеттери Дарфурдагы кыргынды тез арада токтото алаарына көзү жетпейт.

XS
SM
MD
LG