Дмитрий Терешин 5-июлдан бери уйку бетин көрө элек. Дал ушул күнү ага аялы Лариса Арап Мурманскидеги ооруканадан телефон чалып, дарыгерлер аны психиатриялык бөлүмгө жатууга мажбурлашканын билдирген.
- Менимче, аны ал жазган макала үчүн жаткырышты. Дарыгерлер анын макаласын окуган. макала "Жиндикана" деп аталып, анда психиатриялык ооруканалардагы абал чагылдырылган болчу.
Лариса Арап Гарри Каспаров жетектеген оппозициячыл Бириккен Жарандык майданга мүчө. Июн айында жергиликтүү гезитте анын Мурманск обласындагы психиатриалык оорканалардын балдар бөлүмүндөгү адамгерчиликсиз, ал тургай зордукчул мамиле тууралуу макаласы жарык көргөн.
Анда Арап балдар дарыгерлердин бутун өөп, массаж жасоого мажбурланары, эки жумада гана бир жолу сыртка чыгууга уруксат берилээри айтылган. Макалада ошондой эле балдарга карата зордукчулук, анын ичинде зордуктоолор тууралуу да айтылган.
Эми Лариса Арап өзү Мурманскиден 300 чакырым аралыктагы Апатити шаарындагы психиатриялык ооруканада жатат. Укук коргоочулар анын кармалышы диссиденттер мындай жерлерге камалган советтик доордогу практиканы эске саларын айтышууда.
Адам укуктары боюнча жарандык комиссиянын мүчөсү Роман Черный ушул аптада Мурманскиге барып, Арап менен жолугушууга аракеттенди:
– Тилекке каршы Лариса Араб маалымат-жыйынга чакырылган жок. Психиатриялык бөлүмдүн өкүлдөрү ал журналисттер жана укук коргоочулар менен жолугушкусу келбейт деп айтышты. Бирок мен буга ишене албайм.
Дарыгерлер жана саламаттык тармагынын жергиликтүү өкүлдөрү Араптын ооруканага жаткырылышы менен анын жазган макаласынын ортосунда эч кандай байланыш жок деп ырасташууда. Евгений Енин Арап жаткырылган Мурманск Аймактык психиатриялык оорукананын башкы врачы:
– Аймактагы бул же башка ооруканага кимдир бирөөнүн саясий себептен жаткырылган учурду билбейт экемин. Алар саламаттык зарылчылыгынан гана мыйзамдуу негизде, дарыланышы керек болгондуктан жаткырылат.
Дарыгерлер Лариса Араптын психиатриялык сыркоосу болгон деп ырасташууда. Анын күйөөсү Лариса 2004-жылы психиатриялык ооруканада болгонун ырастады. Бирок укук коргоочу Роман Черный бирөөнүн бул ооруканага жатып чыкканы эч нерсени билдирбей тургандыгын белгилеп, дарыгерлер чындыкты бурмалап жатат деп айтты.
Черныйдын комиссиясы аймактык администрацияга жана Мурманскинин губернаторуна арыз менен кайрылып, бул ишти аймактык прокуратуранын кароосун өтүндү. Укук коргоочулардын жана Каспаровдун Бириккен жарандык майданынын кысымы менен Орусиянын акыйкатчысы да иликтөө баштады.
Жарандык майдан Лариса Араптын ооруканага жаткырылышын мыйзамсыз деп айыптап, аны дароо бошотууну талап кылууда.