Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

11:31 Бишкекте “Жаңыл-Мырза” спектаклинен алынган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат


Аталган спектаклдин бет ачаары АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн. Он күнгө созула турган “Жаңыл Нью-Йоркто” деген аталыштагы көргөзмөдө сүрөтчү Маргарет Мортондун спектакль учурунда тартып алган сүрөттөрү коюлган. “Жаңыл-Мырза” Бишкектин “Сахна” жана Нью-Йорктун “Яра Артс Групп” театрларынын биргелешкен долбоору. “Жаңыл-Мырза” спектаклин Бишкек тургундары 10-августтан 12-августка чейин көрө алат. Бул үчүн Нью-Йорктон режиссер Вирлан Ткач, дизайнер Ватоку Уэно, сүрөтчү Маргарет Мортон жана актриса Сусан Гион келди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG