Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

МАКСИМ БАКИЕВ МАСКӨӨНҮ ИНВЕСТИЦИЯЛАЙБЫ?


«Новый Кыргызстан» гезити «Кыргыз президентинин уулуна визитканын кереги жок» деген тема менен Максим Бакиевдин өзү менен баарлашууну басты. «Сиздин Кыргызстанда кандай менчик мүлктөрүңүз бар?» деген суроого М.Бакиев: «Үй, машинадан бөлөк эч кандай менчигим жок» деп жооп берет.

«Чын эле Кыргызстанда сизге тиешелүү эч нерсе жокпу?» М.Бакиев: «Ооба». «Бирок Москвада сиздин үй куруу боюнча долбооруңуз иштеп жатат дешет го, ушул чынбы?». М.Бакиев: «Чын. Латвиялык өнөктөшүм Валерий Белеконь экөөбүз Москва шаарындагы жана Москва облусундагы үйлөрдүн курулушуна инвестиция салып жатабыз.» деп жооп берген. М.Бакиевдин биз үзүп уктурган интервьюсун бүгүн жарык көргөн «Новый Кыргызстан» гезитинен окуп алсаңыздар болот.

«Эркин тоо» гезити КР президентинин кеңешчиси Абибула Абдугапаровдун «Экс-ажо Акаев эки жүздүүлүгүн коебу?» деген көлөмдүү интервьюсун жана «Акаевдердин миллиондору кайда?» деген ушундай эле көлөмдөгү макаланы жарыялады. Акыркы макаланын аягындагы маалыматтык шилтемеде Акаевге тиешелүү деген 21 кылмыш иши боюнча 29 киши кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулганын, 3 киши шарттуу жазаланып, бир киши акчалай айып тартканын, 12 иш боюнча 23 адам сот тарабынан акталып чыкканын, 9 адамга карата 4 кылмыш иши соттордун кароосунда жатканын… Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев жана Акаевдин балдызы А.Саркишеванын сары изине чөп салса да колго түшүп бербей качып жүрүшкөндүктөн козголгон кылмыш иштери убактылуу токтоп турганын жазды.

«Бөлкөсү кымбат өлкөдө көпкө жашай албайсың, бензини кымбат жолдо алыска баралбайсың.» «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити ушундай темадагы макаласын Кыргызстанда акыркы күндөрү кымбаттап кеткен азык-түлүк маселесине арнады. Нан кымбаттаары менен бензин да кымбаттады. Бир аз күн мурда мени «Дордой» базарына 150 сом менен жеткирип жүргөн таксист эми 200 сом менен жеткирерин айтууда, деп жазат макаланын автору.

«МСН суббота» гезити ардагер Карыбай Турусбековдун өткөн айдын 5-июлундагы «Лица» гезитине жарык көргөн Касым Исаевдин ойлоруна каяшасын жарыя кылды. Акаевдин учурунда Кыргызстан көрүнгөн тепсей берген атканага айланган, Бакиев керек болсо анын үйбүлөлүк парламентин таратканга да колу барган жок, нааразылык жүрүш менен куралсыз чыккан адамдарды Акаевге окшоп аттырган жок, жадагалса аны «ит» деп да, «криминал» деп да, «бийликтин узурпатору» деп да шылдыңдашкан оппозиционерлердин бирин да каматкан жок, мындайлардын ичинде эмне ойлосо ошону жазып келаткан Касым Исаев өңдүүлөрдүн өзү да бар деп жазган автор, мына ушундай кыйын-кысталаң мезгилде кыргыз элинде Бакиев-Атамбаев сыяктуу темирдей эрки бекем жетекчилердин иштеп жатышы коом үчүн канчалык пайда апкелүүдө деген оюн айткан.

Манастын Кароол Дөбөсүндөгү казына чырына кайрылган «Кыргыз туусу» гезити бул ирет президенттик админстрациянын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Чолпонбек Абыкеевдин суроо жообун тартуу кылды. Чолпонбек мырза чыр дөбөнүн алдында алтын казына барына ишенерин, «Манас ата бүгүн кыргыз эли үчүн ыйык болсо, эртең балким бүткүл дүйнө эли үчүн ыйык болор» деген ойдо экенин билдирсе, ушул эле санга «Бүргө Баатыр» фондунун атынан Уран Бейшеналиев, Рустам Райымкулов «Вандализмдин токтотулушун талап кылабыз!» деген кайрылуу кат менен чыгышты.
XS
SM
MD
LG