Бириккен Фронттун лидеринин баамында, күз мезгили Кыргызстан үчүн оор болот. Анын айтымында, күзүндө Жогорку Кеңеш таратылып, жаңы шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Бириккен Фронттун лидеринин маалыматына ылайык, бийлик коомчулуктун көңүлүн экономикалык көйгөйлөрдөн, баалардын өсүшүнөн алагды кылуу жана президенттин кызматтан кетүүсү үчүн кол топтоого тоскоол болуу максатында ушундай кадамга барат. “Жогорку Кенешке жаңы шайлоо болот деп 100 пайыз ишенимдүү айта албайм, бирок учурда ага кам көрүлүп жатканы тууралуу ар кандай булактардан уктум”,-деди Ф. Кулов. (ZMa)