Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

БИРИМДИК ДАРАКТЫН СӨҢГӨГҮНДӨ ЭМЕС, ТАМЫРЫНДА


Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек 16-августта Бишкекте Шаңкай кызматташуу уюмунун жыйыны өтөт. Мына ушул иш-чаранын алдында кабарчыбыз Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевди кепке тартып, жыйынга даярдык, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен мамиле-катышы тууралуу сураган.

- Эднан мырза, августтун орто ченинде Кыргызстанда Шаңкай кызматташуу уюмунун кезектеги чоң жыйыны өткөнү турат. Шаңкай кызматташуу уюмунун жыйынында кандай негиздүү маселелер талкууланат? Мына ошол жөнүндө кыскача айта кетсеңиз.

- Албетте, жыйынга Шаңкай кызматташуу уюмуна кирген 6 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат. Алар : Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, андан соң байкоочу өлкөлөр - Иран менен Монголиянын жетекчилери болушат. Ошондой эле Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери катышат. Жыйындын меймандары да бар. Ал Ооганстан президенти. Биринчи ирет Кыргызстан президентинин чакыруусу боюнча Түркмөнстан президенти менен Улуттар уюмунун башкатчысынын саясий маселелер боюнча орунбасары келет.

Күн тартибине коюлган маселелер боюнча болсо, Шаңкай кызматташуу уюмунун жыйын катышуучулары өнөктөштүктү дагы кеңейтүү маселелерин талкуулашат. Узак мөөнөткө коңшулук ынтымакташтык, достук жана кызматташтык тууралуу келишимге, ошондой эле бир катар багыттардагы макулдашууларга кол коюлат. Тактап айтканда, маалымат коопсуздугу боюнча макулдашууга.


- Эднан мырза, мына ушул Шаңкай жыйыны тууралуу кеп болгондо мен дагы бир суроону бербей кетпесем болбойт. Билесиз мурдагы Шаңкай кызматташуу уюмунун Астанадагы жыйынында Кыргызстан үчүн кыйла эле кытыгылуу маселе «Манас» абамайданындагы Кошмо штаттардын аскерий аба базасы жөнүндө суроо коюлган болчу. Анын бул ирет катуу коюлушуна АКШ менен Ирандын татаалдашып кеткен мамилеси себеп болууда. Атап айтканда, Бишкектин «Манас» абамайданында турган АКШнын аскер аба күчтөрүн Иранга уруш ачылып же эки өлкө ортосунда жаңжал чыгып кетсе колдонобу деген кооптонуу да болуп жатат. Мына ушул маселе боюнча да айта кетсеңиз.

- Менин оюмча, биз сыяктуу эле кесиптештерибиз Ганси авиабазасы Ооганстанды калыбына келтирүүдө кандай роль ойноп жатканын жакшы билишет. Эгер ушундай маселе чыгып калган күндө да ал Ооганстанда террорчулукка каршы күрөштү кантип күчөтүүгө гана багытталат. Жалпы авиабаза тууралуу айта турган болсок, Кыргызстан эларалык террорчулукка каршы коалициянын мүчөсү, ошол себептүү «Манас» абамайданын террорчулукка каршы күчтөргө берүү бул ишке биздин кошкон салымыбыз. Келишим боюнча Ганси кайсы бир аскердик иш-аракеттерге колдонулбайт. Ал эми Иранды бомбалоо жөнүндөгү ушу таптагы божомол-жоромолдор мен айтар элем куру сөздөр. Баарыбыз, дүйнө коомчулугу Ирандын жетекчилиги түзүлгөн жагдайдан чыгуунун дипломатиялык жолдорун издеп жатканын көрүп турабыз.

- Эднан мырза, мына ошол эларалык мамиле-байланышка тийиштүү дагы бир суроо. Мына, билесиз, жакында Кыргызстанда «шпион жаңжалы» болуп өттү. Кыргызстандын коопсуздук кызматы Шаңкай кызматташуу уюмунун эң ири мүчөсү Кытай Эл Республикасынын жаранын кармагандыгы тууралуу маалымат таралды. Ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгер чын болсо ал кыргыз-кытай мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүнбү? Кийинки кездери Орусия менен Британиянын ортосундагы «шпион жаңжалы» кандай деңгээлге жетип, кандай талаштуу маселелер жаратып жатканын кабардарсыз. Мына ушундай эле шпион жаңжалы мурда АКШ менен да болуп кетти эле. Дегеле бул эмнеден улам чыгып жатат? Анын себеп-жөнү кандай? Ал тышкы саясатка кандай таасир бериши мүмкүн?

- Менин билишимде, Конституциянын долбоору берилген имиш. Бирок бул маалымат, анын ичинде парламенттин иши, менин оюмча, жашыруун маалыматка жатпайт. Ошон үчүн кыргыз-кытай мамилелеринде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу тууралуу кеп да болбошу керек. Айтса, мына ушул шпион миш-миштери чыгып аткан тушта Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Кыргызстанда иш сапары менен болду. Биз кесиптешибиз менен көп маселелерди талкууладык. Бул биздин өлкөнүн президентинин Кытайга иш сапарынан кийин абыдан өөрчүгөн соода-экономикалык карым-катыш. Бул ири долбоорлорду, мисалы, темир жол курлушу, автожолдорду салуу, чек ара жанында соода комплекстерин куруу долбоорлорун ишке ашыруу. 15-августта Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Дзиньтаонун Бишкекке иш сапары башталат. Кыргыз-кытай мамилерери өөрчүп баратат. Ага аркыл «шпион жаңжалы» эч тоскоолдук кыла албайт.

- Эднан мырза, кыргызда жакшы сөз бар, «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык» деген. Мына биздин коңшу өлкөлөр Өзбекстан менен, Тажикстан менен чек ара маселелери кандай чечилип жатат? Үч өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесинин чечилбей жатышынын кыйынчылыгын кыргызстандыктар кантип тартып жатышканынан сиз деле кабардар болушуңуз керек. Чек ара маселелери кандай чечилип жатат? Кайсы проблемалар чечилди деп айтсак болот?

- Ушу тапта чек ара маселелерин жөндөө иштери улантылууда. Негизги проблема 1924-жылдан чыгууда. Ошол кездеги аймактык бөлүштүрүү кезинде чек аралар тез-тез өзгөртүлүп турган. Ошондуктан көптөгөн өзгөрүүлөр укуктук жагынан ырасталган эмес. Документтерде жер аттары алмаштырылып кеткен. Бир эле жер ар башкача аталган. Азыркыга чейин Өзбекстан, Тажикстан менен чек арабыздын кыйла бөлүгү жазылып чыкты. Эң башкысы, биз баарыбыз бул иштин маанилүүлүгүн жакшы билебиз жана да мунасага келүүгө даярбыз. Себеп дегенде, бул маселенин кандай чечилишине жалпы эле чөлкөм коопсуздугу, аны менен бирге ар бир өлкө коопсуздугун камсыз кылуу байланыштуу.

- Эднан мырза, Шаңкай кызматташуу уюмундагы дагы бир лөк мамлекет бул Орусия. Мына билесиз, кийинки кездери айрым саясий күчтөр тарабынан Орусия менен союздаш болуу, конфедерация идеясы козголо баштады. Ошол эле мезгилде айрым байкоочулар Казакстан менен Кыргызстан ортосунда интеграциялык процесстер жүрө баштаганын айтууда. Кыргызстан менен Орусиянын союздаш болуусу мурдагы союздун жандануусубу же болбосо бул кезектеги саясий оюн же саясий кызыкчылык үчүн көтөрүлүп жаткан идеябы?

- Конституция боюнча Кыргызстан эгемен өлкө. Эгемендикти сактоо биздин негизги милдетибиз. Идеологиянын негизи катары «Кыргызстан - Мекеним!» урааны коюлушу бекеринен эмес. Туура биз Казакстан менен мамлекеттер аралык кеңеш түздүк. Ал кеңеш өз ара кызматташууну жандантышы зарыл, аны ырааттуу, туруктуу түргө жеткириши керек. Андай кеңештерди биз Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен да түзүүгө кызыкдарбыз. Мында ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жүзөгө ашырат. Бул Орусияга да тийиштүү. Билесиз, Кыргызстан менен Орусия биртоп эларалык уюмдардын ишине катышат, көптөгөн долбоорлорду биргелешип ишке ашырышат. Белгилеп коюш керек, эларалык уюмдардын ишине катышуу кыйла натыжалуу болууда. Муну Шаңкай кызматташуу уюму, ЕврАзЭс, Жамааттык коопсуздук келишим айгинелөөдө. Менин оюмча, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мына ушул эларалык уюмдардагы интеграциясы кыйла бийик, ал эки тараптуу мамилелерди чечүүгө жакшы шарт түзүп берет.

- Эднан мырза, мырза эми сизге мурдагы макулдашылган суроолорго кирбей калган жекече суроо бергим келип турат. Сиздин оюңузча, кайсы бир суроо берилбей калган болуш керек. Элге айтар каалоо-тилегңиз бардыр. Кыргызстандын тышкы саясаты кандай багытта өнүгүп жатат? Кыргызстандын дүйнөлүк процесстеги орду жөнүндө айта кетсеңиз.

- Билесиз, ички саясат тышкы саясаттын негизин аныктайт. Ички саясат тууралуу айтсак, биз азыр жандануу тилкесине кирдик. Менин оюмча, 2005-жылдын мартында өткөн окуялар бизде коомдук аң сезим абыдан өскөнүн көрсөттү. Жарандык коомдун орду бийиктеди. Биз дүйнөгө, ириде өзүбүзгө, биз мындан жакшы жашоого милдеттүү экенибизди билдирдик. Өкмөттүк жыйында быйыл жарым жылда жакшы экономикалык көрсөткүчкө жетишкенибиз, ички дүң продукт 9,2% өскөнү айтылды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Жыл аягына чейин ахывал мындан да жакшы болот деген божомол бар. Экинчи жагынан эске алчу жагдай, биз бул маселелерди улуттук биримдиксиз чече албайбыз. Ушу тапта концепция, идеологиялык концепция тууралуу кеп болууда. Ага интеллигенция жигердүү катышып жатканы жакшы көрүнүш. Биримдикке жетишип, биз улуттук кызыкчылыктарыбызды ишке ашырабыз Менин түшүнүгүмдө, элдин биримдиги дарактын сөңгөгү менен эмес, тамыры аркылуу аныкталат. Ошон үчүн биз баарыбыз тамырыбызды бекемдешибиз керек, Ошондо гана ийгиликке жете алабыз.

XS
SM
MD
LG