Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

ЖАЛАЛАБАТ: ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТЕР АКТИВДҮҮЛҮГҮН КҮЧӨТТҮБҮ?


1-августта Жалалабат облустук бийлигинде экстремизм менен терроризмди алдын алууну жана Кыргызстандагы диний кырдаалды талкуулаган кеңешме болуп өттү. Өлкөдө тыюу салынган диний экстремисттик жана террорчул уюмдар өз активдүүлүгүн айрыкча орозо жана курман айттарынан кийин күчөтүп ийишти. Алардын катарына жумушсуздар менен жаштар, аялдар жана түрмөдөн чыккандар тартылууда. Аларга каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттер коомчулукту канааттандырбайт.

ШКУнун Кыргызстандагы саммити жакындаган сайын коомчулукту диний-экстремизм жана терроризм маселеси кооптонтууда. Былтыр терракттарда 7 адам өлүп, 20дан ашык киши жарадар болгон. Өз мекениндеги катуу жазалардан качкан террорчулар демократиялык жараяндардан пайдалануу менен Кыргызстандын булуң-бурчтарынан орун табышууда. Өкмөт алдындагы дин агенттигинин маалыматы боюнча өлкөдө тыюу салынган «Хизб-ут-тахрир» партиясынын 10 миң мүчөсү бар. Жашыруун уюм жер-жерлерде майда түтүндөрүн ачуу менен катарына жумушсуздар менен жаштарды аялдар менен түрмөдөн качкандарды тартууда. Агенттиктин деректири Тойгонбек Калматовдун айтымында, экстремисттик уюмдун Карасуу районундагы мүчөлөрүнөн диний адабияттардан сырткары курал-жарак жана жардыргыч заттар табылган. Алар бийликке жетүүнүн бардык ыкмаларын пайдаланып, конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүүдө. Молдо-имамдар билим деңгээли жетишсиздигинен диний экстремисттрге каршы күрөшө албай жатат:

- Булар өздөрүнүн тактикасын өзгөртүп, тынчтык жолу менен эмес колго курал алып, конституциялык структураны күч менен өзгөртүүгө ниеттенип, бир топ ок-дары, курал-жарак, гранотометко чейин булардын курамынан чыккан. Бийликке жетүүнүн ар түрдүү ыкмаларын пайдаланып атат. Көп биздин депутаттарыбызды, чоң-чоң бизнесмендерибизди, кызматтагы чиновниктерибизди өздөрүнө тартып, финансалык, моралдык жана башка жардамдарга ээ болуп, булар ишин башташты.


«Хизб-ут тахрир» уюму өз активдүүлүгүн диний майрамдардан кийин күчөттү. Партиянын жактоочулары Орозо жана Курман айттарда мечиттерге үстөмдүк кылышты. Жалалалбаттагы мектеп деректирлеринен жаңы жыл майрамын өткөрбөө, мектеп короосуна балатыларды олтургузбоону талап кылышкан. Мурда таркаткан диний адабияттарда АКШ баштаган өлкөлөрдү сындап келишсе, эми Кыргызстанга каршы аракеттерин жайылтышты. Улуттук коопсуздук Башкармасынын бөлүм башчысы Шавкат Кочкоров жашыруун уюмдун мобилдик топтору эл топтолгон жайларда үгүт жүргүзүп жаткандыгын билдирди:

- АКШнын, башка Европа мамлекеттеринин саясатын жамандап, аларды каралап чыккан хизбуттахрирчилер бүгүн Кыргызстан жөнүндө эле айта турган болуп калды. Транспорту, эң жакшы видео, аудио аппаратуралары бар. Мусулман аксакалардар, имамдар жыйылган жерлерге келип алып туруп, булар өздөрүн үгүттөп, элге идеологиясын талкуулап атат. Ачык эле айтып атат аз калды, эртең-бүрсүгүнү халифат болот, ошондо турмушуңар жакшы болот, эркиндикте жашайсынар деп.

Экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүүдө тартип коргоо уюмдары элге таянат. Ички иштер Башкармасы өз аракети менен быйыл диний экстремизмге байланышкан 14 фактыны каттады. Бөлүм башчы Шермамат Мамбеткуловдун пикиринде экстремизм үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарыл:

- 299-статья алардын Конституциясында өтө оор статья болгондуктан, биздеги жеңил статьяга өтүп кетип атышат. Биздин коңшулаш Өзбекстан Республикасынын Наманган, Анжиян облустарынан өтүп келип көп иштерди жүргүзүп атат десек жаңылышпайбыз. Биздин багытта бир канча иштер жүргүзүлгөн.

Молдо-имамдардын Хизутчуларга акаршы күрөшпөй жатат деген пикир туура эмес. Жалалабат шаар тургуну Абдулла Эргешов облустун мурдагы казысы партиянын өкүлдөрүн мечиттен кууп чыкканын билдирди:

- Дилмурат ажы Орозов казынын айтканы эсимде, хизбуттахрирчилерге бул мечитте орун жок, чыгып кеткиле деп. Кайсы казы айта алат, түндөсү келип атып, жардырып, өлтүрүп кетеби деп коркуп атышпайбы.

«Хизб-ут тахрир» партиясынын облустагы мүчөсү Абдрахман Жолчиев зордук-зомбулукка көнүп калгандыгын жана катаал чаралар да аны максатынан тайдыра албай турганын айтты:

- Балдарды кыйнайт, камайт, буга чейин деле болгон, мындан кийин да болот. Буга биз көнүп калганбыз, ал нерсе менен бийлик бизди коркута албайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG