Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:25

18:11 Жалалабатта диний экстремисттер жашаган аймактар тартип коргоочулардын көзөмөлүндө

ЖАЛАЛАБАТ. Жыл башынан бери расмий катталбаган «Хизб-ут тахрир» уюмунун 14 мүчөсү кармалды. Алардан жашыруун партиянын 1235 баракчасы, 148 китеби менен 4 аудио кассетасы, 65 мини-диски жана 3 кол жазма дептери табылды. Былтыр июль айында облуста террорчу деп шектелген куралдуу 5 адам атып өлтүрүлгөндөн кийин, «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын тарапкерлери ишмердүүлүгүн мурдагыдай ачык жүргүзө албай калды. Бул тууралу ички иштер башкармасынын тогузунчу бөлүмүнүн башчысы Насыр Койчиев билдирди. Ал эми өкмөт алдындагы диний иштер боюнча агенттик өлкөдө «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын он миңден ашык мүчөсү бар экендигин жарыялаган. (YA)
XS
SM
MD
LG