Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

АПАМДЫ БОШОТКУЛА…


Аманбек Жапаров,Бишкек Тыңчылык кылган делип шектелип, 45 күндөн бери тергөө абагында кармалып жаткан парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын ата-энеси, бир туугандары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана өкмөт үйүнүн жанында пикетке чыгышты. Алар бийликтен Арыковага байланыштуу ишти адилет, калыс чечүүнү өтүнүшүп, ага баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен турушту. Буга чейин Биринчи май райондук соту, Бишкек шаардык соту Арыковага баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан.

Жыпаргүл Арыкованын апасы Тамара Кыязова кызынын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кеңсээсине барышканда, ал жерден эч кимиси көңүл бурбаганын айтты.

Ал жерден жооп ала алышпаган Арыкованын бир туугандары өкмөт үйүнүн жанына келишип, пикет өткөрүп президенттен бул маселеге көңүл буруусун өтүнүштү.

- Биз ак үйдүн жанына, өзүбүздүн жетекчибиз Курманбек Бакиевге арыз-арманыбызды айтканы келгенбиз. Мамлекет башчыбыз мындай маселелерге убактысы жок болсо дагы, бир аз көңүл буруп койсо болот эле. Кызымды таптакыр эле актап жиберсин дебейм. Жыпаргүлгө баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам берүүсүн өтүнөм. Жерди саткан, мамлекеттин казынасын миллиондогон каржатка чыгым кылгандар, кызымдан да катуу кылмыш кылгандар кармалып жазаланбай, күнөөсү жок бир бечара кызды камап чыгарбай жатканына жаным ачыйт. Адилеттик кайда? Биз бийликтен адилеттүүлүктү, акыйкаттуулукту талап кылабыз.

Жыпаргүлдүн атасы Турдубек Арыков болсо кызы саясий оюндардын курмандыгы болуп жатканын белгиледи.

- Кызым Жыпаргүлдүн элүү күнгө жакын убакыттан бери тергөө абагында камалып жатышында сөзсүз түрдө саясий оюн бар. Буга мен кечээ Бишкек шаардык соту ага баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүбүзгө баш тарткандан кийин ишендим.

Жыпаргүлдүн сиңдиси Үмүтай эжеси менен жолугушканда анын денсоолгу начарлаганын өз көзү менен көргөнүн айтты.

- Бишкек шаардык сотуна барганда мен жанында бир нече убакыт отурдум. Эжекем, «камалгандан бери 45 күн болду чачымды тарай элекмин. Тарагың барбы?» деп сурады. Мен тарагымды берсем колу калчылдап чачын араң тарады. Маңдайкы чачы агарып кетиптир. Өзүн кармай албайт калчылдайт. Аябай арыктап кетиптир. Жанында турсам ным жыттанып турду. Жаткан жери ным экен,- деди Үмүтай.

Буга чейин Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөтүү тууралуу сотко анын адвокаты, Исакеев айылынын 160 тургуну кайрылышып, парламенттин сегиз депутаты кепилдик беришкен. Бирок Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаардык соту Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов парламентте эч кандай жашыруун документтер жок дейт.

XS
SM
MD
LG