Ачылышка мамлекет башчы Курманбек Бакиев, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов, Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев жана өкмөт мүчөлөрү катышты. ШКУ саммитине даярдануу жана өткөрүү максатында мамлекеттик №1 резиденциянын аймагында тургузулган кабыл алуу үйүнүн жана конок үйүнүн курулушуна 7,3 млн доллар, имараттардын айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу жана башка иштерге 59 млн сом жумшалган. Конок үйүн кытайлык куруучулар 157 күндүн ичинде бүтүрүштү.(ZKo)