Бул фестивалга өлкөнүн баардык аймактарынын жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген чеберлер катышып, жасаган буюм-тайымдарын көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Бир жумага созулган фестивалдын жүрүшүндө фольклордук, эстрадалык концерттер тартууланып, устаттык сабактар өткөрүлдү. Ошондой эле европадан келген эксперттердин катышуусунда кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө арналган тегерек стөл өткөрүлдү.
Бөкөнбаев айылынын Манжылы Ата мазарында “Алгыр куштардын фестивалы уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө мүнүшкөрлөр бүркүт салууну көрсөтүшүп, илгертеден келе жаткан бул өнөр тууралуу ар кандай уламыштарды айтып беришти. Фестиваль бүгүн да уланып, кийиз буюмдарынын жана “Таштар сүйлөйт” аттуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле катышуучулар “Манжылы-Ата” мазарын кыдырууга мүмкүнчүлүк алышат.
“Кыргыз Артекс” борборунда америкалык сүрөтчү Маргарет Мортондун фотосүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Анда “Сахна” көчмө театрынын “Жаңыл мырза” спектаклинин Нью-Йоркто өткөн премьерасында тартылып алынган эмгектер коюлган. Эске салсак элдик дастандын негизинде сахналаштырылган “Жаңыл мырза” спектакли ушул жылдын башында Нью-Йорктогу Ла Мама театрында он төрт күн көрсөтүлүп, ага аталган шаардын тургундары, ошол жакта жашаган кыргыз жарандары жана Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова күбө болгон. Кошумчалай кетсек “Сахна” театрынын артисттери ошондой эле Польшада өткөн эл аралык театр фестивалына да катышып, өнөрлөрүн тартуулап кайтышты. Ага дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен театр жамааттары келишип, сахнада эмес, чиркөөлөрдө спектаклдерин тартуулашкан. Ал эми кыргыз артистери Сенагого чиркөөсүндө“Кожожаш” жана“Курманбек” оюндарын көрсөтүшкөн.
Кыргызстанда автордук кинолордун “Киностан” эл аралык фестивалы өтөт. Ага Франция, Голландия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн жана коңшулаш мамлекеттерден киноишмерлердин келишеери күтүлүүдө. Фестивалдын өзгөчөлүгү четтен келе турган коноктордун көпчүлүгү кино жараткан адамдар эмес, ошол тасманы тартууга жана аны сатууга көмөк көрсөткөн продюссерлер, фестивалдардын жетекчилери, жана эксперттер.
- Анткени өткөрүлө турган иш-чаранын бирден бир максаты жаңы жарык көргөн же тартылып жаткан тасмаларды аларга көрсөтүп, жарнамалоо- деп кабарлашты уюштуруучулар. Бул фестиваль 27-августтан тарта Бишкекте өтүп, 31де Ысыккөлдө уланат.