Жанына шаар мэри Арстанбек Ногоевди жана башка аткаминерлерди ээрчиткен президент бүгүн борбор калаанын көчөлөрүн күтүүсүздөн кыдырды. “Байтик баатыр”, “Москва”, Ибрамиов атындагы, Иваницын, Фрунзе, Тыныстанов атындагы көчөлөр жана Жибек жолу, Манас, Фучик кеңкөчөлөрү менен президенттин машинасы МАИ коштоосуз, жол эрежелерин сактоо менен жүрдү деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы. Айрым көчөлөр талапка жооп бербей тургандыгын белгилеген мамлекет башчы тез арада жетишсизидиктерди жоюуну шаар мэрине тапшырды. Ошондой эле Курманбек Бакиев шаардын түндүк тарабынан кире бериште курулуп жаткан “Аска Таш” эсалуу аймагынын курулушунда болуп, ал жерде иштеп жатышкан жумушчулар менен баарлашты. (ZKo)