Экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокуловдун айтымында, былтыркыга салыштырмалуу Ички дүң продуктунун көлөмү өсүп “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо 11,3 пайызга жетсе, инфляция 4,6 пайызды түзгөн. Ал эми азык-түлүк 7,1%, экспорт 36%, негизги капиталга инвестиция 43,3 пайызга өскөн. Министр тоо-кен байлыктарын, чийки мунайды өндүрүү мурдагыга салыштырмалуу төмөндөп кеткенин, электр кубатына төлөмдөрдүн карызы 40 пайызга жеткенин айтты.
Каржы министри Акылбек Жапаров болсо министрликтер бюджеттен бөлүнгөн каражаттын чыгымдарын көбөйтүп жибергенин белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылдын алты аыйында чыгымдар кыйла өскөн.
- 2004-жылы жарым жылда чыгымдар 7,7 млрд сом болгон. Быйыл болсо алты айда эле чыгымдар 13 млрд. сомго чыкты.Албетте акча каражаттары жетпей келген, жетпейт дагы. Бирок бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланганга министрлер жооп бериши керек.
Каржы министринин айтымында, тышкы карыздын 76 млн. долларын төлөө мезгили келгендигине байланыштуу, андан кутулуу максатында ички облигация чыгарылган. “ХИПИК программасын колдобой өз күчүбүз менен карыздан кутулабыз деген министрлер ошол облигацияларды сатып алып, Улуттук банкта ачылган элдик эсепке айлык маянаңыздарды которууга чакырам” деди Жапаров.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев болсо экономикада реалдуу өсүш башталганын белгилеп, карапайым эл экономикалык өсүштү бир-эки жылда кагазда жазылган сандар менен эмес жан чөнтөктөрүнө түшкөн кошумча каражат менен сезиши керек деген көз карашта.
- Азык-түлүк товарлары арзандабайт. Мунайзат кымбаттагандын үстүндө болот. Ошондуктан биз пенсионерлерден баштап, мамлекеттик чиновниктердин айлыгын, бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин эмгек маянасын кыйла жогорулатышыбыз керек.
Айрым байкоочулардын пикиринде Кыргызстандагы экономикалык өсүш, өкмөттүн жыйындарында, министрликтердин отчеттерунда айтылганы менен өлкөдөгү кымбатчылык, паракорчулук, коррупция карапайым калкты муунтуп келет.
Расмий бийлик экономикалык өсүш бар дегени менен көмүскө экономика алтымыш пайызга өскөнү тууралуу маалымат бар. Бул маселени өкмөт козгобой келет, дейт экс-премьер-министр Феликс Кулов.
- Курулуш менен соода тармактарына ички инвестицияга негизги каражат Орусиядагы биздин мекендештерибизден келген. Мына ушул эки тармак негизги киреше берүүчү булак. Мындайча айтканда мамлекет элди бакпай, эл өзүн-өзү багып калды,- деди Феликс Кулов.
Улуттук банктын маалыматы боюнча былтыр Орусиядагы эмгек мигрантарынан Кыргызстанга 800 млн. доллар каражат келген.