Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Ө.ТЕКЕБАЕВ: БИЙЛИК КЫЛМЫШ ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН АРАЛАШЫП КЕТТИ


"Атамекен" социалисттик партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Жалалабатка келгенде «Азаттык» үналгысынын жергиликтүү кабарчысынын бир топ суроолоруна жооп берди. Ө.Текебаевдин айтымында бийлик элдин үмүтүн актабай, саясий, социалдык-экономикалык багытта көптөгөн кемчиликтерди кетирүүдө.

- Кыргызстандагы коомдук-саясий абалга кандай баа бересиз, бийлик элдин үмүтүн актай алдыбы?

- Кыргызстанда саясий планда ал күтүү актала элек. Акталбай калган үмүттөн коркунучтуу нерсе жок. Анткени 2005-жылы март окуяларынан кийин эл бийликке чоң үмүт арткан. Адамдар гана өзгөрбөстөн, заман өзгөрөт го, жакшы заман келет го деген ниетте болгон. Бир эле мисал, тилекке каршы, биздин атуулдарды паспорт менен камсыз кылып, аларга чет элге барып иштөөгө жол ачып бере албады. Тескерисинче, мамлекет атуулдардын чет жакка барып иштешине тоскоолдук кылып жатат. Бул паспорт алуудагы бюрократия. Бүгүнкү күнгө чейин жашыруун акчасыз бул маселе алдыга жылбай калган. Мамлекет элдин ишенимин актай алган жок деп эсептейм.

- Оппозиция, апрель митингинен кандай жыйынтыктарды чыгарды?

- Апрель айындагы митингдин таратылышына баа берип атып, “оппозиция ойрон болду, бизде демократия жок болот” деген ой-пикирлер айтылып атат. Бул туура эмес. Ар бир митинг эле революция менен аяктай бербеш керек. Эң негизгиси биз маселени чечүүнүн жолун издеп табашыбыз керек. Бири-бирибиз менен сүйлөшүп, бири-бирибизди ынандырып, бир чечимге келүү ыкмаларын табышыбыз керек. Тарыхый планда былтыркы ноябрдагы, апрелдеги митингдер баарыбир таасирдүү акциялар деп эсептейм. Бул кыргыз калкынын жашыруун ресурстарын, потенциалын ачык көргөзө турган чоң массалык акциялар болуп калды.

- Бийлик учурда кандай кемчиликтерди кетирип жатат? Ал кемчиликтерди оңдоонун жолдору барбы?

- Мамлекеттин пайдубалына зыян тийгизе турган көрүнүштөр бар. Бул - мыйзамды сыйлабоо, криминалдык ыкмаларды колдонуу жана криминалдык элементтер менен көз көрүнө эл алдында мамилелешүү. Криминалдык дүйнөнүн ачык саясатка аралашышы. Мына, Араван шайлоо округунда бир авторитетти жылдырганы жатышат, Балыкчыда "Макс" деген авторитет азамат бар экен, аны да жылдырган атат. Мунун өзү криминалдык дүйнө өзүн ачыкка чыгарып, мамлекеттик, элдик бийликке аралашканга умтулуп, элдин тагдырын аныктаганга аракет кылып атат. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш.

- Сиз жетектеген “Атамекен” партиясынын “Манас ордо” комплексиндеги казууларга тынчсызданган жагдайларды түшүндүрүп берсеңиз?

- Мындай ыйык жерлерди казып, изилдеген учурлар дүйнөдө болгон. Египет пирамидасын деле, падышалардын мүрзөлөрүн деле казып изилдешет. Бирок анын өзүнүн эрежеси бар. Мамлекеттин мыйзамдарына жараша тиешелүү органдан уруксат алынат, мамлекет көзөмөлдөп турат ал жерде. Мына ушуга окшогон процедуралар, мыйзамдар сакталбаганы бул бизде башаламандыктын, өзүмбилемдиктин, мыйзамды сыйлабагандыктын көрүнүшү катары болуп калды. Сырттан бирөө келип кат жазды, мамлекеттик катчы карап көрүңүз деп министрге жөнөттү, министрлер ошол бойдон изилдеп, коомчулуктун, илимий чөйрөнүн пикирин эске албастан туруп эле, кыргызча эксковатор менен барып казып, сүрдүрүп киришти. Мына ушул бүгүнкү биздин мыйзамга, тартиптүүлүккө, биздин тарыхый мурасыбызга, ыймандык принциптерибизге болгон мамилебиз ушул мисалдан да көрүнүп турат.

- “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Орусия менен конфедерация түзүү демилгесин туура көтөрдүбү?

- Куловдун бул идеясын биз кош колдоп колдобосок дагы анын кыргыз атуулдарына оң таасири тийди. Жакында Думанын чоң жыйналышында вице-спикер Жириновский сөз сүйлөп, өзүнүн сөзүнүн көп бөлүгүн кыргыздарга арнады, бул жакшы калк, биз аларга орустун эмгек рыногун ачып беришибиз керек, аларга жакшы шарт түзүшүбүз керек, керек болсо аларга жардам беришибиз керек, Кыргызстандагы орустарды бери чакырбастан ал жерге калганына көмөк беришибиз керек, башка калктардан айырмаланып булар орустар менен тынчтык жолу менен бириккенди каалаган эл экен, деген сөздү да айтып жиберди. Бул орус саясий элитасында кыргызстандыктарга болгон жылуу пикир пайда болгонунун белгиси. Ошондо Куловдун айткан сөзү орус мамлекетинин, орус саясий бизнес элитасынын Кыргызстанга мамилесин өзгөрткөнгө жөндөмдүү саясий фактор деп эсептейм.

- Cоюз түзүү жагына Орусия мамлекети кандай көз карашта экенин биле албадыңыздарбы?

- Биз азыр кыйын кезеңде жашап жатабыз. Бирок казак туугандардан дагы, орус туугандардан дагы биз кайыр, бекер бир нерсе сураганыбыз жок. Биз айтып атабыз, силерде жумуш колу жетпей, адам иштебеген иштер бар экен, биз ошол ишти иштеп эмгек акыбызды алалы деп жатабыз. Гуманитардык жардам сураганга караганда эмгектенип, өз эмгек акыңды алган бул дүйнөдөгү ымалалашуунун негизги принциби.

- Учурдагы бийлик менен оппозициянын азыркы мамилеси кандай?

- Бийлик дагы, оппозиция дагы ажырашкыс уюм эмес. Анын ичинде ар кандай багыттагы ар кандай саясатчылар бар. Ошондуктан оппозициянын бийлик менен ымалалашкан бир бөлүгү бар, аны менен келишкис экинчи бөлүгү бар, бийликте дагы оппозицияга тескери караган саясатчылар бар, алар менен сүйлөшүп тил табышканга аракет кылган бөлүгү бар. Бул нормалдуу көрүнүш. Мына ушинтип демократиялык өлкө өнүгөт. Мындан бийликтин тарапкерлери да, оппозициянын таларкерлери дагы трагедия кылып жыйынтык чыгарбаш керек. Бийлик менен оппозициянын ортосунда проблема курч, бийликте ультра "азаматтар" бар, оппозициянын оозун жабабыз, керек болсо камап отургузуп токтотобуз деген пикирди кармангандар да бар. Бул табигый көрүнүш өзүнүн курчуган фазасында турат. Бирок мен ойлойм, эртеби-кечпи бул фаза нормалдуу жумушчу фазага өтөт деп ойлойм.

- Бийлик учурда оппозициянын апрелдеги митингинде башаламандык болду деген шылтоо менен оппозициянын адамдарына кылмыш ишин ачып, чакырып атпайбы. Чын эле ошол маалда башаламандык болгон беле?

- Башаламандык болгон жок. Андай болуш үчүн бийлик органдарына массалык түрдө күч колдонуп, бирөөлөрдүн менчиктерин талкалап, бирөөлөрдүн өмүрүнө массалык түрдө коркунуч келтирген кырдаал түзүлүш керек. Бул жерде массалык тартипсиздиктин белгилери милиция газ, күч колдонуп адамдарды куугандан кийин башталды. Ызаланган адамдар жолдон таш сындырып ыргытмай болду. Ал эми эң негизгиси милиция кызматкерлери тескерисинче адамдарды сабап, алардын менчиктерин тартып алгандары, тоногон, денсоолугуна жабыр келтирген учурлар болду. Кууган күнү эмес, эртеси дагы “Атамекен” партиясынын офисине келип адамдардын башын жарып, партиянын компьютерлерин талкалап, ал жерден ар кандай маалымат сакталган дисктерди алып кеткен учурлар болду…

Маектешкен Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG