Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

М.ШАЙМИЕВ: ТАТАРСТАН КЕЛЕЧЕКТЕ МАМЛЕКЕТТИК УКУК АЛАТ


Муса Мураталиев, Москва Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев жума күнү «Эркин Европа жана Азаттыктын» Казандагы кеңсесине барып, ал жерде журналисттер тобу менен баарлашкан. Татарстандын лидери Орусиядагы коомдогу демократиялык жаңылануунун абалына өзүнүн баасын берген. Москва менен Казан ортосундагы шарттуу түзүлгөн мамиле жана татар элинин тагдыры тегерегинде да кеп болгон. Шаймиев мырза азыркы Татарстандын келечекте мамлекеттик эгемендүлүккө жете тургандыгына ишенгенин билдириген.

Президент Шаймиев «Азаттыктын» татар-башкырт бөлүгүнүн Казандагы кеңсесинде олтуруп, алды менен демократиялык жаңылануу кандай абалда экени туурасында суроолорго жооп айткан. Федералдык борбор менен жумурияттын аракети демократияны карай бет алуу болуп атканы менен натыйжа алымсынарлык эмес экендигин белгилеген:

- Демократия алга кетип баратат. Муну ал да, биз да ушундай деп эсептейбиз. Анын башталышын тактаган чечимдер небак чыккан, бирок сапаты начар. Мен аны такыр токтоп калды дебеймин, бирок ал кайрадан тартиптелиши керек.

Анын себебин Татарстандын лидери демократиялык багыттагы жолдо кыйла кемчиликтер жолугуп атышынан көрөт. Ошого карабай жаңылануу үчүн болгон аракеттин өткөөл кезге омоктуу түрткү болгонун айткан.

- Мындан биздин калк үчүн кыйла убай бар. Ошолорду эске алып биз шашпай аракет жасашыбыз керек. Биз басып өтчү жолубузду аягына чыгып, демократия алкагына жеткенге дейре эч мүдүрүлбөшүбүз керек.

Бирок калктын мурдагыдай бир талап коюп ошонун артынан көгөрүп туруп алуучу кысымы кийин жоголуп, такыр башкача болуп өзгөрдү. Калк эми өкүмөт менен бийликти демократиянын жакыны дешет, анын ачкычы, алардын катарында, сөз эркиндиги да ошолордун колунда деп болжошот. Бирок мындай маанай нагыз жаңыланууга алып барбайт дейт ал:

- Коом эркин жашап атканынан шек санабоого тийиш. Демократиянын баалуулугу же баасы жоктугу басма сөздө талкууга алынбагандай шарт түзүлүүгө тийиш. Басма сөздө чындык гана болсун. Эгерде кишилерге зыян келтирген учурлар болсо аны коомчулук билүүгө тийиш. Мына ушундай деңгээлге жетсек анда, сырттан караганда оңой көрүнгөнсүгөн демократиялык жаңыланууга атуулдук коомубузду көндүрүп, анан аны өнөкөткө айлантып алабыз.

«Азаттык» үчүн гана берген маегинде Минтемир Шаймиев жаңы Келишим жердигине токтолгон. Айта кете турган жери, мынабул эле 90-жылдары, Борис Ельциндин тушунда Татарстанга Орусиянын ичиндеги автономдуу жумурият укугу берилген. Ал тургай, Казан менен Маскөө ортосунда 14 келишим түзүлүптүр. Ошол келишимдер арибине ылайык Татарстан калкына атуулдук укук берүүгө жана андан ажыратууга, өз алдынча чет мамлекеттер менен дипломаттык алака түзүүгө жетишиптир.
Бирок Владимир Путин келгенден тартып ал ырк бузулуп, 2003-жылы кабыл алынган мыйзам ариби астында Орусиянын бардык субъекттери федералдык бийликке тике баш ийип калышкан. Андан кийин губернаторлорду гана эмес жумурияттар жетекчилерин Кремл дайындай турган болгон. Бирок алдыдагы декабрде – Мамдуманы, кийинки жылдын биринчи чейрегинде президентти шайлоолор өтөт. Экспертер баамында ошого чукул Путин шертин бузуп, капилеттен эле Шаймиев менен Кремл менен Казандын кайсы бир укуктарын чектөө келишимин түзгөнгө барган. Минтимер Шарипович ошол жаңы келишим туурасында мындай деген:

- Биринчиден соңку келишим көлөмү чакан болсо да келечектеги саясатты эске алып караганда өтө маанилүү деп айтар элем. Эмне дегенде 1994-жылы даярдалган келишим арага оор шарттарды коюп колубузду байлап аткан.

Келишим арибине ылайык эми биринчи кезекте Орусия өкүмөтү менен Татарстан өкүмөтү экономикага, экологияга, маданият жана башка жумуриятын ички өзгөчөлүгүнө жараша маселелерди бирге чечүү боюнча келишимдерди түзүшмөкчү.

- Азыркы учурда, өзүнүн саясий абалы кыйла жигердүү көптөгөн кишилер биздин жумуриятка тийешеси бар келишимди турмушка ашырууну колдоп атышат. Алар бул келишимдин Орусиянын тарыхында биринчи жолу болуп атышын эске алышат. Ал келишим Мамдума менен Федералдык Кеңеш колдоосун таап, мыйзамдык укук алып, күчүнө кирди. Бул биздин мамлекеттин алдындагы көп маселелерди чечүүгө жол ачат.

Баарлашуу маалында Маскөө - Казан алакасындагы башка да өңүттөр кепке алынган. Маселен, татар тамгасын кириллицадан латын тамгасына өткөрүү туурасында да кыйла сөз козголуптур.
Калк автономдуулугун алып, самаганына жетерине ишенесизби деген суроого Шаймиев:

- Биздин Татарстандын келечекте мамлекет болуп калыптанышы тууралуу анын биринчи беренесинде жазылган,- деп жооп бериптир.

XS
SM
MD
LG