Соңку кездери Ооганстанда кырдаал тынч болбой, ар башка аймактардагы салгылаштар, киши уурдоо, чет элдиктер барымтага алынганы тууралуу кабарлар күн алыс тарап жаткандыктан, АКШда президент Буштун администрациясы ооган багытындагы саясатын туура жүргүзгөн жок, Ирак менен алагды болуп атып талиптерге каршы күрөштү алдырып ийди деген сын пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Андан улам АКШлык эксперт Амин Тарзи ооган президенти Хамид Карзайдын эки күндүк сапары Вашингтон үчүн маанилүү окуя деп белгилейт.
- Бул саммит менимче, эки максатты көздөйт. Биринчиден, президент Буш Америка коомчулугуна анын администрациясы үчүн Ооганстан абдан маанилүү маселе экенин бышыктоо ниетинде. Экинчиден, Карзай да кыйын абалга туш болуп турган кез. Ооганстан эч кимдин үмүтүн актабай, терроризм өсүп, андан башка жергиликтүү толгон-токой көйгөйлөрдөн улам көп кишилер Карзай өз милдетин аткара албай калды деп айта баштады. Андан улам президент Буш Хамид Карзайга колдоо көргөзүп, ал АКШнын өнөктөшү экенин дагы бир жолу ырастап койгусу келет. Ошол эле маалда ооган президенти өз өлкөсүндөгү акыбалды кантип оңдоо жагынан Вашингтондо бир топ кеп-кеңеш угат болуш керек.
Ооганстан менен Пакистан террористтерге каршы күрөштү колго алган жок деп бири-бирин айыптап келатат. АКШ бул эки өлкө ортосундагы мамилелер оңолуп, экөө бирдей аракет кылмайынча аймактагы террористтер менен экстремисттердин демин басуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Былтыр күздө президент Буш Ооганстан менен Пакистандын жетекчилерин чогуу кабыл алып, экөөнү элдештирүүгө аракет кылды, бирок ал сүйлөшүүлөр да Исламабад менен Кабулдун ортосунда ачык-айкын түшүнүшүү орното алган жок, - деп эсептейт Амин Тарзи.
- Дал ушул тапта “Аль-Каида” уюму АКШдагы күч жана башка ресурстарын кайра уюштуруп, жаңы чабуулдарга даярданып жатканын эскертүүдө. Мындай иштердин баарын пландаштырып жакшылап даярданыш үчүн алар бир коопсуз жайга муктаж. Дал ошондой аймакты аль-каидачылар Ооганстан менен Пакистан чектешкен жерде байырлап алган. Аль-Каидага каршы согушту аягына чыгарыш үчүн АКШ президенти Ооганстан лидерин Пакистан менен тил табышып, бирдиктүү аракеттенүүгө үндөйт деп ойлойм.
АКШ тарап антип, Кабулдун террористтер менен экстремисттерге каршы аракетин ырааттуу жана узак мөөнөттүү стратегия алкагында жүргүзүшүн кааласа, өз өлкөсүндө абалы кыйындап, талиптерге туруштук бере алаар-албасы күмөн жарата баштаган ооган президенти үчүн ушу тапта АКШнын колдоосун алып, эл аралык беделин бекемдөө жагынан бул саммиттен үмүтү чоң дейт Вашингтондук эксперт. Андан сырткары албетте, АКШ-Ооганстан саммитинде эл аралык коомчулуктун тынчын алган апийим маселеси көтөрүлбөй койбойт.
- АКШнын апийим боюнча саясаты катаалдай баштады. Бул саммитте Вашингтон апийимди түбүнөн жулуп жок кылууга көбүрөөк басым жасайбы, же мурдагыдай эле маңзаттарга каршы түрдүү чаралар камтылган программаны колдойбу – кеп ошого жараша болот. Анткени буга чейин Кошмо Штаттар апийим талааларын жок кылуу жагын да караган көп түрдүү аракеттерди колдоп келген. Президент Карзай апийимди түбүнөн жулуп жок кылуу маселесин ачык айтканын уга элекмин. Бирок ооган апийиминин түшүмү мурдагыдан да көбөйүп, эл аралык эксперттер миллиарддаган доллар акча айланган бизнестин канча бөлүгү кылмыштуу топтордун колуна түшүп, кайра Ооганстандын өзүнө жана жалпы эл аралык коомчулукка коркунуч келтирип жатат деген маселени кабыргасынан коюп жаткан чак. Ошондуктан АКШ да эми ооган жетекчисинен апийим талааларын жок кылууну чечкиндүү талап кылса максатка ылайык болмок.