Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы дүйшөмбүдөгү президенттин салттуу жыйыны боюнча тараткан маалыматында белгиледи. Кытай Эл республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен ШКУ саммитинин алдында, 15-августта келери күтүлүп жатат. Тараптар талкуулоочу маселелер, кол коюуга даярдалып жаткан документтер тууралуу маалымдала элек. (BuS)