Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:32

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Айжан Шаботоева,Бишкек “Тунгуч” тамаша театрынын артистери Ысыккөлдүн тургундарына “Жоругу жолдо калгырлар” аттуу концерттик программасын тартуулашууда. Аталган театрдын актеру Майрамбек Абдыкеримовдун билдиргенине караганда концертти Тоң районунан башташкан, эми Караколдо үч күн коюушуп, андан соң Чолпонатада улантышат.

11-12-августта Соңкөлдө Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм ассоциасиясы “Кыргыз көчү” фестивалын уюштурат. Анын алкагында кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттары көрсөтүлөт. Ал эми иш-чарага катышкан четтен келген туристтер дагы да эл менен кошо бир айылдан бир айылга көчүшөт деп кабарлашты уюштуруучулар.


“Кыргыз артекс” борборунда “Сахна” театры койгон “Жаңыл мырза” спектаклинин Нью-Йоркто өткөн премьерасын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат. Америкалык фотосүрөтчү Маргарет Мортон тарткан эмгектерде Жаңыл мырзанын туулуп өскөн мекени, оюндун жүрүшүндөгү кызыктуу көз ирмемдер чагылдырылган. Америкалык режиссер Вирлана Ткач сахналаштырган “Жаңыл мырза” спектакли Нью-Йорктогу Ла Мама театрында он төрт күн көрсөтүлгөн. Ал эми 9-августтан тарта Бишкектин тургундарына тартууланат. Бул спектакль Бишкекте үч күнгө созулат. Андан соң Ат-Башы өрөөнүнүн тургундарына көрсөтүшөт.

10-августта Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Балдар жомокторду тартышат” атуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Анда Кыргызстандын жана Орусиянын ар кайсы аймактарынын сүрөт өнөрүнө кызыккан улан-кыздардын эмгектери коюлат. Бишкекте өтүүчү самитке карата уюштурулуп жаткан көргөзмөнүн алкагында балдар үчүн устаттык сабактардын да өтүлөөрү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG