Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

ОСМОНЖАН АБДЫЛДАЕВ КАРЫНЫН ДА, ЖАШТЫН ДА АКЫНЫ


Балдар үчүн жазылган ыр-аңгемелер ошондой эле сатиралык чыгармалар сейрек жазылып аткан бүгүнкү күндө акын жана публицист Осмонжан Абдылдаев, аталган жанрлардагы чыгармаларын гезит-журналдарга үзбөй жарыялап келет. Бир канча жыйнагы басууга да даяр.

Осмонжан Абдылдаевдин чоңдорго арналган “Жүрөк сүйүнөт”, “Кыргыз пейили”,”Жылдыздар жанат” китептери, балдарга арналган “Тепкедей”, “Жакшы кыз” жыйнактары бар. Алгач акын Осмонжан Абдылдаевдин балдарга арналган “Сары кыз”, “Көпөлөктөр” аттуу ырларынан мисал тарталы:

Эрмегибиз сары кыз,
Жашоо жоктой анысыз,
Колдон колго көтөрүп,
Жалбарабыз баарыбыз.

Жок болсо үйдө сары кыз,
Суз тартабыз баарыбыз,
Кирип-чыгып энекем,
Кабак ачпайт анысыз.

Жашыл-кызыл, ак көпөлөк,
Учат бийик көкөлөп,
“Кармайлы” - дейт Айнагүлүм,
жүр атаке, экөөлөп...
Канатынан байлап алып,
Кетели дейт жетелеп...

Учурда Осмонжан Абдылдаевдин балдарга арналган “Айды алып беремин” аттуу китеби басмадан чыгуунун алдында турат жана ошондой эле экологиялык маселелерди козгогон “Тоолорум менин тоолорум” китеби басууга даяр. Осмонжан Абдылдаевдин пикиринде сатиралык гезит-журнал чыкпай калган бүгүнкү күндө мындай гезит-журналдын чыгышына өкмөт колдоо көрсөтүшү зарыл:

- Коомчулук азыр сатиралык гезит-журналга суусап турган чагы. Жашоодо терс көрүнүштөр деги көп болуп жатат. “Чалкан” журналын кайра чыгаруу керек. Албетте буга өкмөттүн колдоосу зарыл.

Ал эми белгилүү акын Үрүниса Маматова Осмонжан Абдылдаевдин балдарга арналган ырларына карата төмөндөгүдөй каалоосун айтты:

- Бүгүнкү күндүн балдарына кандай ырларды арнашты да ойлонушубуз керек. Бир жолу теледен көрүп атам: бакчанын балдары:

Жардам бердик, алма тердик,
Бай колхоздун багынан ...

деп ырдап атышат... Эми колхозду биз билебиз. Бүгүнкү күндөгү балдар колхозду билишпейт... Ошондуктан Осмонжан Абдылдаевге да ушундай калпыстыктарды кетирбешин каалап кетер элем. Балдардын дүйнөсү аялуу, назик. Аларга арналган ырларыбыз да алардын дүйнөсүнө куп келишип турушу керек.

Осмонжан Абдылдаевдин сатираларынан:

Пивоканада бир адам,
Лөкүйүп төрдө олтурган,
Доктурмун мен деп айтат,
Тынбай жутуп сырадан...

Селде чалган бир ажы,
Көпчүлүк тааныйт бүт аны,
Жазуучу болуп алыптыр,
Жазганы жок бир дагы...

Көтөрүп чоң папкасын,
Аялдын кийип шапкасын,
Бир төрө чыкты көчөгө,
Керилгенин кантесиң...

Оттуу келет көздөрү,
Күлүп турат өздөрү,
Жатык сүйлөп сойкулар,
Таттуу болот сөздөрү.

Жаштыгыңды иритер,
Жолугуп калса кокуйлар,
Байкагыч бол жигиттер,
Кучак жайып эркелеп,
Кетпесин сойку жетелеп...
XS
SM
MD
LG