Жыйынга премьер-министр Алмазбек Атамбаев, президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов, соода жана экономикалык өнүктүрүү министри, тышкы иштер министри, эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Экинчи жыйында ишкерчиликти өнүктүрүү өңдүү маселелер каралат деп белгилейт өкмөттүн басма сөз кызматы. Президенттин алдындагы Инвестициялык кеңеш 2007-жылы, 24-февралда өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен түзүлгөн. (ZMa)