АКШнын мамлекеттик департаменти берген медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди тапшыруу аземине АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович, саламаттыкты сактоо министри Туйгунаалы Абдраимов баштаган мамлекеттик кызматкерлер катышат. “Үмүт” деп аталган долбоор 2004-жылы башталып, андан бери Кыргызстанга АКШнын мамдепартаменти тарабынан 42 миллион доллардан ашуун жардам берилген. Жалпысынан алганда 2003-жылдан бери Кыргызстанга АКШдан үч жүз миллион долларга гуманитардык жардам келген деп кабарлайт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. (ZMa)
8:36 Бүгүн АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы төрт ооруканага гумжардам тапшырат