Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:40

БАА КУТУРСА ЭЛДИ «КАБАБЫ?»


«Бийлик нандын баасынын кымбатташын токтотууга аракет кылууда. Ал эми шаардыктар баанын дагы жогорулашын күтүүдө».

Мына ушуинтип жазган «Комсмольская правда Кыргызстан» гезити Бишкектиктерге айына 6 тонна ун кетерин, ал эми өкмөт арзандатуу амалын издеп мамрезервден берип аткан 15 тонна ун жарым айга араң жетерин, акыркы текшерүүлөр көрсөткөндөй көмүскө нан бышырып келаткан цехтин кожоюндары нан менен ундун баасын атайылап эле кымбаттатып жатышканын, жакын арада нанды жасалма жол менен кымбаттаткандар катуу жазаланарын кабарлап, кардарлардын укугун коргоо боюнча Мамлекттик инспекция жогорудагы чечимдерди бузгандар болсо дароо телефон чалууларын өтүнүп шаардыктарга 59-45-83, 59-44-86, 21-76-67, 56-22-86 номурдагы телефондорун маалымдады.

«МСН» гезити да башты ооруткан баа саясатына назар таштап, республиканын уч шаарындагы квартиралар менен жер аянттарынын баасы тууралуу маалыматты басты. Гезит квартиралардын 1 чарчы метринин баасы Бишкекте- 600дөн 1000 долларга, Ошто-200дөн 700 долларга, Чолпон Атада- 200дөн 800 долларга , жер аянтынын бир чарчы метри Бишкекте- 20 доллардан 100 долларга, Ошто-10 доллардан 40 долларга, Чолпон Атада-10 доллардан 40 долларга чейин чыккандыгын жазды. Ушул эле гезит Бишкек саммити өтө турган президенттин резиденциясы 157 күндүн ичинде бүткөрүлгөнүн, аны эларалык «Сингуан» аттуу кытайдын курулуш корпорациясы курганын, биздин өкмөт ага 7,3 миллион доллар, мындан тышкары 53 миллион сом жумшаганын, Ысык-Көлдө балык уурусу күчөгөнүн, анын башында «крыша» болуп жогорку кызматтагы атка минерлер турарын, былтыр жогорку окку жайларына Кыргызстандык студенттер үчүн 100 орун бөлгөн Казакстан быйыл бир дагы орун бербегенин сөз кылды.

Бишкек-Торугарт жолунун адам чыдагыс абалы тууралуу массалык маалымат каражаттарында далай ирет сөз болгон. Убагында бул маселеге «Азаттык» үналгысы да кайрылган. Жарык көргөн «Кыргыз туусу» гезити» Бишкек-Нарын-Торугарт» автожол башкармалыгынын башкы деректири Нүсүп Субанбековдун айткандарын жарыялады. Анын айтуусунда жол курулушуна керектүү техниканын 62 түрүн алып жатышканын, Кочкор кыштагына курулган асфальт заводунун ачылышы ушул айдын 23дө болорун, завод күнүнө 1000 тоннадан асфальт чыгарарын, асфальт-бетон заводу Ат-Башы кыштагында да ишке кирерин, жолду оңдоого өкмөт 100 миллион сом каражат бөлгөнүн аңгемелеген.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы көптөн бери чырдын бутасына айланып келаткан Кароол Дөбөдөгү казуу иштеринин токтотулганын белгилесе, айрымдар анын алдында катылган кенч бар деп маалымат тараткан Бүткүлдүйнөлүк «Анима Мунди» диний академиясынын өкүлдөрү а кезде премьер-министр болуп турган К.Бакиевдин кабыл алуусунда болгонун (2001-жыл), казуу документтерине ошондо эле кол коюлганын, ага Силаев, Танаев да кол койгонун айтып чыккан «Ата Мекен» партиясынын башчысы Ө.Текебаевдин сөзүн («Комомольская правда Кыргызстан») жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG