Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

12:12 Кушбак Тезекбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок


Бишкек шаардык соту бүгүн ушундай чечим чыгарды. Кушбак Тезекбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, коюлуп жаткан айыпты окуя болду деп саналган Ош облусунун аймагында териштирүүнү сурап адвокат шаардык сотко кайрылган болчу. Шаардык сот арызды бүгүн карап, аны канагаттандырган жок. Соттун чечимине ылайык Кушбак Тезекбаев Ички иштер министрлигине караштуу №1 СИЗОго которулмай болду. Буга чейин ал Коопсуздук Комитетинин камак жайында болчу. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, Тезекбаев Кылмыш Кодексинин мамлекеттик мүлккө зыян келтирди, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген өңдүү беш беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу муну саясий себеп менен байланыштырууда.(BuS)

XS
SM
MD
LG