Бул тууралуу бүгүн маалымат кызмат башчысынын орун басары Эмил Ниязов билдирди. Анын айтымында, учурда тергөөчү Алтынбек Капаров менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Буга чейин Арыкова менен жолугушууга адвокатынан тышкары ата-энесине гана уруксат берилген. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова тыңчылык кылды деген шек менен 19-июндан бери Коопсуздук кызматынын камагында отурат. (BuS)
12:27 Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Жыпаргүл Арыкова менен жолугушууга аракет жасоодо