Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

АЛИШЕР ИСЛАМ: КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУГУ КОРГОЛОТ ДЕП АЙТУУ КЫЙЫН


Аманбек Жапаров,Бишкек 30-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жанында “Демократ” коомдук уюму пикет уюштуруп, алар антитеррордук аба күчтөрүнүн Манас абамайданында жайгашуусун колдоп чыгышкан. Пикеттин жүрүшүндө Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кыматкерлери уюмдун жетекчиси Турсун Исламдын уулу Алишерди кармап, милиция кызматкерлерине каяша айтып, буйругун уккан жок деп сотко берген. Ленин райсоту Алишерге үч күнгө камак жаза чектеп, ал 4-августта камактан бошогонун “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Алишер мырза, сизди соттон кандай жазалады жана убактылуу кармоочу жайдан качан чыктыңыз?

- Мага сот үч күнгө камак жаза чектеген. Анан мен убактылуу кармоочу жайда үч күн отуруп калбадымбы. Соттун чеиминен кийин эле бошодум. Ал жерден чыкканыма эки күн болду.

- Алишер мырза, 30-июлда пикет учурунда сизди милиция кызматкерлерине каяша айтып, буйрукка баш ийбей койду, дешип Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына алып барып камашканы тууралуу эмне айтасыз?

- Биринчиден мен милицияларга каяша айтып же алардын буйругун укпай ээн баштык кылган жокмун. Алар өздөрү ата-энемди түртүп, оройлук көргөзө башташпадыбы. Мен аларга, “Эмне түртөсүңөр, омуроологонуңарды токтоткула”, дедим. Мен аларды, урган да, сөккөн да жокмун. Болгону үнүмдү катуу чыгарып, жөн турган кишилерди күчкө салып кубалаганга акыңар жок деп айттым. Болгону ушул. Аларга чагым салганга шылтоо эле керек болуп турду эле, анан мени күчтөп эле автоунаага салып, убактылуу кармоочу жайга алып барып камашты.

- Сизди кармап баргандан кийин милициялар коркутуп-үркүтүп, уруп-согуп күч колдонушкан жокпу?

- Жок. Райондук ички иштер бөлүмүнө барганда мага эч кандай кысым көрсөтүшкөн жок. АКШ элчилигинин жанынан кармашканда колумду кайрып, күч колдонуп, машинеге отургузушкан. Чындыгын айтыш керек, андан кийин күч колдонушкан жок. Бирок психологиялык кысым болду.

- Алишер мырза, мына ушул окуядан кийин Манас аба майданындагы коалициялык аба күчтөр кетпесин деген көз карашыңыз өзгөргөн жокбу? Же өзгөрдүбү?

- Чындап келсе мен ал жерге пикеттин жүрүшүн видеокамерага түшүрүү үчүн эле баргам. Албетте пикеттегилерди колдойм дечи. Бирок менин негизги милдетим видеого тартуу болчу.Бул боюнча көз карашым, пикирим өз ичимде калат.

- Кыргызстандагы эркиндик, адам укугун коргоо тууралуу пикириңиз кандай?

- Мурдагы бийликтегиден эч кандай өзгөрүү деле жок. Адам укугу мурда корголбой келсе дагы эле корголбой келүүдө. Мындайча айтканда толук эркин боло албайсың. Кыргызстанда демократия жүз пайыз деп айтууга болбойт.

- Убактылуу кармоочу жайдын шарты кандай экен?

- Милициялардын айтымында, башкаларга салыштырмалуу шарты жакшы эле экен. Анын үстүнө менин ден-соолугум начар экенин эске алыштыбы, билбейм. Бирок бир сөз менен айтканда, андай жерде кайдан эле шарт мыкты болушу мүмкүн.

- Ошол окуядан кийин ата-энеңе, жакын туугандарыңарга укук коргоо органдары тарабынан телефон чалып коркутуп, үркүтүүлөр болгон жокбу?

- Жок. Эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр болгон жок. Себеби мен мыйзамды бузган жокмун, кылмыш кылган жокмун. Болгону милицияларга орой мамиле кылдың, деп атышпайбы? Ал үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери да элге сылык мамиле кылып, өз кызматтарынан пайдаланып бой көтөрбөшү, оройлонбошу керек.

- Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG