Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

17:38 Жалалабаттын жүздөн ашык тургуну Акыйкатчыдан жардам сурашат


ЖАЛАЛАБАТ. Акыйкатчыга кайрылган жарандар ун менен буудайдын бааларынын кескин кымбаттап кеткендигине нааразылыгын билдиришти. Бир кап ундун баасы 700 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүлгөн чакта, пенсия, акы менен жашоо мүмкүн болбой калды. Өкмөт элди социалдык жактан коргоо үчүн пенсия менен жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн көбөйтүп же кымбатчылыктан коргоо үчүн азык-түлүк компенсациясын киргизүүсү зарыл. Кайрылуу ээлери антимонополияга каршы уюмдун начар иштеп жаткандыгын белгилешкен жана кымбатчылыктан коргобогон уюмдун кереги барбы деген суроолорду коюшкан. Бул тууралу 7-августта Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова билдирди. Анын айтымында Акыйкатчыга кайрылгандар укуктарын коргоп берүүнү да өтүнүшкөн. (YA)

XS
SM
MD
LG