Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ИРАК ПРЕМЬЕРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТҮРКИЯГА КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак өкмөтүнүн башчысы Нури ал-Малики 7-августта кызмат сапар менен Анкарага келүүдө. Түркиянын премьер-министри менен өткөн жолугушуу учурунда көптөгөн маселелер арасында коопсуздукту камсыз кылуу жана террорчулук менен күрөшүү иштерине негизги көңүл бурулат.

Түркияда 22-июлда өткөн парламенттик шайлоо алдында өлкө өкмөтү - эгер Ирактын түндүгүндөгү күрддөр арасындагы террордук уюмдарга каршы Багдад тийиштүү аракет көрбөсө, Анкара өзү аскерий чабуул жүргүзүүгө аргасыз болот деп билдирген. Шайлоо өнөктүгү учурунда дагы премьер Режеп Тайып Эрдоган ал тууралуу бир нече жолу айткан жана ошол мезгилде - шайлоо өткөндөн кийин, Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Анкарага келип, маселени талкуулайт деп макулдашылган.

Түркиянын айтымында, Ирактын түндүгүндө үч миңге жакын террорчу топтолгон жана алар мезгил-мезгили менен Түркиянын аймагына кирип, террордук аракеттерди уюштурууда. Июлдун аягында "Вашингтон пост" гезити жазганга караганда, Түркия менен АКШнын коопсуздук кызматтары бир нече жашыруун операция даярдап, Ирак менен Түркиянын чек арасында жашынган террордук уюмдардын жетекчилерин кармоого аракеттенген.

Аны менен катар Түркия чек ара аймагына 140 миңге жакын аскер топтогон, ири аскерий операция качан болбосун башталып кетиши мүмкүн болчу жана Ирак өкмөтүнүн шашылыш аракеттеринен улам, чабуул болгон эмес: "Абалды басаңдатууга биз бардык аракеттерди көрүп жатабыз жана түрк өкмөтү менен тыгыз кызматташабыз. Биздин оюбузча, коопсуздук маселелери боюнча жумуш тобу өз ишин күчөтүүгө тийиш. Андай топ Ирак, АКШ жана Түркия ортосунда түзүлгөн жана Күрд жумушчу партиясы менен байланышкан Анкаранын мыйзамдуу тынчсызданууларына жооп табууга тийиш",- деп билдирген Ирак тышкы иштер министри Хошиар Зибари июлда.

Премьер Малики менен кошо Анкарага Хошиар Зибари, ички иштер министри Жавад ал-Булани, андан тышкары мунай министри жана илим, спорт жана жаштар маселелери боюнча министр дагы келүүдө. Эки мамлекет ортосундагы кызматташуу боюнча көптөгөн маселе талкууланууга тийиш, алардын ичинде чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу жана террорчуларга каршы күрөшүү иштери негизги мааниге ээ болот.

Эки өлкө өкмөттөрү көптөн бери - терроризмге каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу келишим даярдап келатат жана азыркы сапар учурунда премьерлер ага кол коюшу мүмкүн. Түркиянын "Миллиет" гезити жазганга караганда, эгер ал келишимге кол коюлса, анда Күрд жумушчу партиясын Ирак террордук уюм катары тааныйт.

Азыр бул партиянын өкүлдөрү Иракта эркин аракеттенет жана Багдад анын кеңселерин жаап, партия жетекчилерин кармап, Анкарага өткөрүп берүүгө милдеттүү болот, аны каржылаган уюмдарга каршы дагы чара көрүлүүгө тийиш болот. Кошуна Түркияда болсо партиянын согушкерлери түрк өкмөтүнө каршы 1984-жылдан бери күрөшүп келет жана 20 жылдын ичинде 40 миңге жакын адам курман болду.

Былтыр сентябрда Түркия менен Ирактын ички иштер министрлери террорчулук менен күрөшүү боюнча атайын протоколго кол койгон жана эки мамлекет ортосунда эксперттер деңгээлиндеги жолугушуулар такай өтүп турат. Үстүбүздөгү жылдын май айында Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында өткөн ири конференция учурунда Ирактагы абалды калыбына келтирүү максатында коопсуздук, энергетика жана качкындар боюнча үч атайын комиссия түзүлгөн, алардын бирин - энергетика боюнча комиссияны - Түркия жетектейт.

XS
SM
MD
LG