Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

ҮЧ КОМПАНИЯ – БИР ДҮКӨН


Кыргызстандагы эң ири соода түйүндөрүнүн бири “Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү - ЦУМ” ачык акционердик коомунун жакында өткөн жыйынында компаниянын жетекчилиги алмашылды. Андан аз илгерээк “Айчүрөк борбордук универсал дүкөндүн” 87% акциясына ээлик кылган “ЦУМ- Холдингде” да жетекчилик жаңыланган, башкы директор Жоржио Фиаккони кызматтан кеткени жарыя болгон. Кыргызстандагы эң ири дүкөн кантип менчиктештирилген, компания жетекчилигинин алмашуусу кандай болгон?

Башкалаанын борборунда жайгашкан «Айчүрөк» универсал дүкөнү 1974-жылы 14-августта ачылган. Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда «Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ» ачык акционердик коомуна айландырылган.

Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22% акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык «Кэвитал» компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген.

Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу «Айчүрөк борбордук универсал дүкөнүнө» кошуп 2003-жылы «ЦУМ – Холдинг», андан соң «ЦУМ- Арбат» жоопкерчилиги чектүү коом түзгөндүгү болду. Өтүмдүү жерге жайгашкан ири дүкөндүн 500 ашуун секциясын соодагерлерге кымбат ижарага берип, башында эле кирешелүү соода үйүнүн каржылык дареметин дагы көтөрүүгө жетишти. Айтса, холдинг жетекчилиги чоң дүкөндү дагы 10 миң чарчы метрге көбөйтүү милдетин өзүнө алган эле. Аны Фиаккони мырза ишке ашырууга үлгүрбөй калды.

Кыргызстанда иши жүрүшкөн италиялык ишкер социализмден калган дагы бир имаратты «Кыргызстан» мейманканасын арзанбаа сатып алып, кайра эле чет эл ишкерлерине кымбатына сатып ийген.

«Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү» канчага бааланып, жалаң алып-сатуу менен шугулданган чет эл ишкерлеринин кимиси кандай кирешеге ээ болгону азырынча компаниянын мурдагы – азыркы жетекчилеринин ортосундагы катылуу коммерциялык сыр.

Атүгүл 1-августтан бери «ЦУМ – Холдингдин» башкы директору болуп шайланган Ерлан Талиповдун ким экени, буга чейин кандай иштердин өтөлүнө чыкканы тууралуу маалымат жокко эсе дээрлик. Аны «Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү» акционердик коомунун катчысы Татьяна Статкевич да ырастады.

- Менде эч кандай маалымат жок. Тек, бизде директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду.

Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, «Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү» мурдагы бийликтин «бармак басты, көз кысты» коррупциялык схемасынын негизинде италиялык ишкердин колуна тийген.

- Ж.Фиаккониге «ЦУМдун» сатылышы. Биртоп чиновниктер акчаларды жеп коюп, анан ошол кишиге сатып ийишкен.

2005-жылдын 5-сентябрында Ж.Фиаккони салык жашыргандыгы үчүн деп кармалып, бирок да таасирдүү колдоочуларынын жардамы менен тез эле камактан чыккан. Жаңы бийликтин жакшы ырайымына туш келбеген италиялык ишкер ошентип кирешелүү ишкананын каймагын калпып алып келген жолуна түштү.

- Ээлери болсо жанагинтип коррупциянын негизинде чет элдиктер итбекер арзанга сатып алып, анан башка бирөөлөргө кымбатка сатып ийип кетип жатышпайбы,- дейт Өмүрбек Абдырахманов.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин кыйла күчөп кеткен менчик бөлүштүрүүнүн артында дагы толгон-токой чатактар катылып жатканын Кыргызстан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да билдирди.

- Анан ошол сатылуунун үстүндө да коррупцияланган бир топ иштеп жатат. Эми ал топту ким көзөмөлдөп, ким алып барып жатат? Аны далилдеш өтө ооруураак болот.

Анын айтуусунда, жергиликтүү ишкерлер менен менеджерлерге жакшы шарт түзүп бермейин капиталдын сыртка агуусу күчөгөндөн-күчөй бермекчи.

- ЦУМ, ушундай ири объекттерди иштетүүгө тартып, аларды менеджменттикке берсек, өзүбүзгө ырыскы алып келе турган ишканалар болмок.

«Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү» жайгашкан жери, илгертен келаткан жакшы атынын аркасы менен ишти ыкчыл уюштурган чет эл инвесторлорунун кирешелүү ишканасына айланууда.

XS
SM
MD
LG