Адвокат Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” берген маегинде, мурдагы президенттин кызы Бермет Акаевага карата козголгон кылмыш иши саясий буюртма деди. Анын айтымында, күбөлөр сот учурунда бир нече жолу көрсөтмөсүн өзгөрткөн, бирок сот аны эске алган жок. “Эгерде Акаевага коюлган айыптар далилденсе, Бермет Акаева үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”,-деди И. Айткулов. Адвокат ишти карап чыгуу арызы менен кайрадан сотко кайрылат. 6-августта Бермет Акаевага 23-апрелден 24-апрелге караган түнү сотко тоскоолдук кылды, сот чечимдерине баш ийген жок жана документти, мөөрдү уурдап жок кылды деген айып тагылган. Тергөөдөгү көрсөтмөлөрдө карама-каршылыктар көп деп, ишти токтотууну сураган Бермет Акаеванын биринчи кайрылуусун Коопсуздук комитети канагаттандырган эмес. (ZMa)