Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН ИРАКТАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ КЕҢЕЙТИЛИШИ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Жакынкы күндөрдө Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши - өзүнүн Ирактагы өкүлчүлүгүнүн иштөө мөөнөтүн узартуу маселесин караш керек. Ал тууралуу даярдалган долбоордо Уюмдун миссиясына мурдагыга караганда алда канча көп укук берилиши каралган.

Бириккен Улуттардын Ирактагы чакан өкүлчүлүгүнүн иштөө мөөнөтү 10-августта аяктайт жана Батыш мамлекеттери ал мөөнөттү дагы бир жылга узартуу боюнча атайын резолюция долбоорун даярдап, аны Коопсуздук Кеңешине 2-августта киргизди.

Анда өкүлчүлүктүн укуктарын кеңейтүү маселелери дагы каралган жана айрым эксперттердин, мисал үчүн, Карнеги фондунун Маскөөдөгү борборунда иштеген профессор Алексей Малашенконун айтымында, бул долбоорду - америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүгө көрүлүп жаткан даярдык катары да бааласа болот.

Бирок АКШ өз аскерлерин жакын арада Ирактан чыгарып кетүүгө азырынча даярданган жок, ал тууралуу июлда Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги-мун дагы айткан: "Эң биринчи кезекте Ирак элинин коопсуздугуна көңүл бурулууга тийиш. Эл аралык коомчулук баарын таштап салып, өлкөдөн чыгып кете албайт. Өлкөдөн шашып чыгып кетүү Ирактагы ансыз деле оор абалды ого бетер начарлатышы мүкүн", - деп билдирген Пан Ги-мун 16-июлда.

Ошондуктан өкүлчүлүктүн укуктарын кеңейтүүнү караган долбоорду - алыскы келечекти көздөгөн документ деп эсептесе болот. "Азаттыктын" аналитиги Катлин Ридольфонун пикиринде, эң биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюму Ирактын кошуна мамлекеттеринин жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардын Иракка болгон мамилесин өзгөртүүгө тийиш.

Май айынын башында Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында өткөн ири конференцияга элүүдөн ашык мамлекет менен уюмдун өкүлдөрү чогулуп, Ирак өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө макулдашкан, бирок араб мамлекеттери тарабынан азырынча өтө деле кеңири жана күчтүү колдоо болбой жатат. АКШ өкмөтү алардын колдоосун камсыз кылуу үчүн ар башка аракет көрүүдө, бирок талаптуу жыйынтык жетишиле элек, ошондуктан, көптөгөн эксперттин пикиринде, Бириккен Улуттар сыяктуу уюмдун аракеттеринин кеңейтилиши азыр өтө керек.

Иракка каршы согушту АКШ менен Британия Бириккен Улуттардын макулдугун албастан, бирок өз алдынча кеңири коалиция түзүп алып баштаган. Анткен менен Бириккен Улуттар Иракка кийин өз өкүлчүлүгүн жиберген жана ал өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү боюнча кеңири аракет баштаган. Бирок 2003-жылдын августунда анын Багдад шаарындагы кеңсесинде террордук жардыруу уюштурулуп, Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Сержиро Виейра ди Мелло жана дагы 22 адам курман болгондон кийин уюм өз кызматкерлерин өлкөдөн чыгарып кеткен.

Кийин уюмдун чакан миссиясы Иракка 2004-жылдын июнунда кайтып келген жана андан бери Батыш мамлекеттери ал өкүлчүлүктү кеңейтүү керек деген сунушту айтып келчү, бирок уюмдун жетекчилиги - толук коопсуздук камсыз кылынмайынча ал өз кызматкерлеринин өмүрүн коркунучка дуушар кыла албайт деп жооп берчү.

Чакан болгону менен, Бириккен Улуттардын өкүлчүлүгү Ирактагы бардык негизги окуяларга катышып, негизги чечимдерди кабыл алууга жана аларды ишке ашырууга орчундуу салым кошкон. Уюмдун колдоосу менен 2005-жылы өлкөдө эки шайлоо өткөрүлдү жана былтыр июнда Ирак менен дүйнөлүк коомчулук ортосундагы "Эл аралык келишимге" да кол коюлду.

XS
SM
MD
LG