Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА АДАМ ӨЛТҮРГӨН УЛУТЧУЛДАР СОТТОЛДУ


Санкт-Петербуг шаардык соту студент-антифашист Тимур Качараваны өлтүрүүгө байланыштуу жети өсүпүрүмдү эки жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратты. Бирок, укук коргоочулар кол салуунун уюштуруучулары жоопко тартылбаганын айтышып, соттун өкүмүн адилет деп эсептешпейт. Ошол эле учурда өкүм бийликтердин жек көрүүчүлүктүн коркунучун аңдай баштаганын чагылдырат деген көзкараштар айтылды.

20 жаштагы антифашист Тимур Качарава менен анын досу Максим Згибаяга өсүпүрүмдөрдүн чөөдөй уюмдашып жүргөн тобу 2005- жылдын ноябрында Санкт-Петербургдун чет жакасында кол салышкан. Бычак жеген Качарава жайында жан берген. Згибаяга бир нече ирет бычак урулганына карабай, аман калган.

7-августа Санкт-Петербургдун соту кандуу кол салууга жооптуу жети өсүпүрүмдүн алтоосун хулигандык жана этникалык жек көрүүчүлүк кылды деп таап, эки жылдан үч жылга чейин кести. Алардын айрымдары жаза мөөнөтүн жашы жеткенден кийин өтөшөт. Ал эми негизги айыпкер, 14 жаштагы Александр Шабалин 12 жылга катаал режимдеги колонияга кесилди.

Москвадагы Адам укугу боюнча бюронун төрагасы Александр Брод соттун өкүмү- бийликтердин расизмдин коркунучун туя баштаганын күбөлөйт дейт:

- Бул жалпы жонунан алганда туура өкүм болду. Соттор акырындап Орусиядагы фашизм тенденциясынын коркунучун сезе баштады. Биздин көзкарашыбызча, соттун катаал өкүмү- ксенофобияга жана фашизмге каршы күрөшүүнүн мыкты жолу.

Бир катар укук коргоочулар президент Путиндин экстремизмге бут коюлат деп берген убадасы соттун чечкиндүүлүгүнө өбөлгө түздү дешет. Өкүмгө канаатанбагандар да бар. Ольга Цейтлина- Качараванын үй-бүлөсүнүн адвокаты. Ал кылмыштын уюштуруучусу али кармалбай жүргөнүнө нааразы:

- Бир гана айыпкерге адам өлтүрдү деген айып тагылды. Бул кылмыштын идеологу али эркин жүрөт. Бул- тенденция. Бийликтер адам өлтүргөн уюмдашкан топтор бар экенин көрсөтүүгө кызыкдар эмес. Башы шамалдаган өсүпүрүм адам өлтүрдү дегенден жеңил нерсе барбы?

Карыя укук коргоочу Юлий Рыбаков - сот кандуу окуянын алты катышуучусун эки жылдан үч жылга чейин кесип, аларды жеңил жазалады дейт:

- Кылмышкерлер тобунун эң алсыз катышуучусуна жоопкерчиликти жүктөгөн сот ишине дагы бир жолу күбө болуудабыз. Уюдашкан топтор жана алардын шыкакчылары жазасыз калды же жеңил жазаланды.

Укук коргоочулар Санкт-Петербург шаардык сотунун өкүмү Россияда жайылып бараткан расалык жек көрүүчүлүктүн толкунун басаңдатат деген үмүттө. “Сова” уюмунун маалымдашынча, быйыл эле Россияда 37 киши расистердин колунан өлгөн. Бул былтыркыдан 22 процентке көп. Өткөн жумада Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнуддин өлкөдөгү улуттук азчылыктар коркунучта жашап жатканын айтып, бийликтерди расизмди ооздуктоого чакырган. Ал кайрылууну Санкт-Петербургдук улутчулдар өлтүргөн татар студенттин апасы менен кездешкенден кийин жасаган.

XS
SM
MD
LG